Мектеп кеңеши
Үч тараптуу келишим
Мектеп жетекчилиги,ата-энелер,класс жетекчилер, предметтик мугалимдердин,
2021 - 2022 - окуу-жылдарында ар тараптуу тʏзгѳн
ʏч тараптуу келишимдери.
Келишим.
« » _______________ 2021 -жыл Муса Байдѳлѳтов атындагы орто мектеби
Бул ар тараптуу келишим мектептин окуучуларына билим-тарбия берʏʏдѳ кыргыз элинин каада-салттарына,ʏрп-адаттарын,мурастарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, КРнын «Балдар жѳнʏндѳгʏ» Кодексине, Конвенцияга , мектептин УСТАВына негизделип тʏзʏлдʏ.
Келишимдин негизги максаты: коомчулук,ата-эне жана мектеп жамааттарынын келечек муундарыбыз болгон балдарыбызга туура таалим-тарбия берʏʏ,багыттоо,билим берʏʏчʏлʏктѳ биргелешип иш алып барууну кѳздѳйт жана милдеттери,укуктары кѳрсѳтʏлѳт.
Келишимдин шарттары:
1-тараптан:
- Мектеп жетекчилиги Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен туура талап, туура багыт берʏʏ,эмгек жамаатынын жоопкерчилигин кѳтѳрʏʏ,эмгегин коргой билʏʏгѳ,педагогикалык этиканын жогорку чеберчилигинде, аӊ-сезимдʏʏлʏктʏ сактай билʏʏгѳ,окуучулардын билим-тарбия алыщына,ата-энелер,коомчулук менен бирдиктʏʏ иш аракеттерди чечʏʏгѳ,бири-бирин сыйлоого,беделин тʏшʏрбѳѳгѳ,педагогикалык бирдиктʏʏ окууларды, семинар-конференцияларды жана башка окуу-тарбия иштерин калыптандыруудагы ар тараптуу уюштуруу чараларын кѳрѳт.
- Балдардын экинчи ата-энеси, тарбиячысы катарында мектептеги мугалимдери,класс жетекчилери тарабынан ар бир балага ѳтѳ жоопкерчилик менен мамиле жасап,дʏйнѳ элинин инновациялык жетишкендиктерин кыргыз элинин улуттук педагогикасын, этнографиясын сабакта,тарбиялык иштерде чыгармачылык изденʏʏ менен аракеттерди кѳрʏʏ,ар бир сабакка болгон кызыгуусун ар тараптан ѳркʏндѳтʏʏгѳ ѳзгѳчѳ кѳӊʏл бурулат.
- Мугалимдер,класс жетекчилер билим берип жаткан балдардын милдеттерин,укуктарын так аныктоого,жеткиликтʏʏ,маӊыздуу,жугумдуу,таасирлʏʏ билим жана тарбия берʏʏгѳ, эмгекчилдикке, чынчылдыкка, ата-мекенин сʏйʏʏгѳ, коргоого, эне тилин урматтоого ʏндѳйт жана иш жʏзʏндѳ кѳрсѳтѳт.
- Мектептин эмгек жамааты окуучулардын билим алуусуна, ата-бабалардын нарктуу мурастарында тарбиялануусуна ѳзгѳчѳ кѳӊʏл буруу менен ар бир баланын жѳндѳм – шыгын, талантын, дээрин, эмгекчилдик, боорукердик сапаттарга тарбиялайт.
- Мектептин жетекчилиги жана анын карамагындагылар кѳпчʏлʏктʏн пикирии, сунуштарын угат, калыстык чечимин чыгарат. Негимзги айыл ынтымагын сактайт, тескери ʏгʏт иштерди тура эмес жагдайларды тʏзгѳндѳр, адам укугуна залал келтирʏʏчʏлѳргѳ мыйзамдын чегинде чараларды кѳрѳт
- Билим берʏʏчʏ мектептин кызматкерлери, мугалимдери ѳрнѳк кѳрсѳтʏʏ менен мейли коомдук жайларда, тууган, коӊшу-колон, жоро-жолдош, достордун арасында мугалим деген ардактуу кесиптин беделин тʏшʏрʏʏгѳ акысы жок. Андай жат кѳрʏнʏштѳр болгон учурлар кайталанса мыйзам чегинде чаралар кѳрʏлѳт.
- Биз мугалимдер окутуп жаткан балдарыбыздын сʏймѳнчʏлʏгʏнѳ, урматтосуна татыктуу иш аракеттерди ар дайым жазайбыз. Педагогикалык ички сырларды сактайбыз. Мугалимдик атыбызды, ким экендигибизди коомчулук алдында далилдейбиз, ар бирибизге тапшырылган ишибизди аткарабыз, ишибизге жоопкерчиликтʏʏ, ишенимдʏʏ мамиле жасайбыз
МУГАЛИМДИН АР-НАМЫСЫНЫН КОДЕКСИ
Мен, Кыргыз Республикасынын атуулу жана педагогу катары милдеттенем:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого, кѳз карандысыз Кыргызстандын символдорун: Гимн, Герб жана Туусун билʏʏгѳ, сыйлоого, ѳзʏмдʏн окуучуларымды ʏйрѳтʏʏгѳ;
-Жогорку профессионалдуу адис болууга , ар дайым педагогикалык чеберчилигимдижана квалфикациямды жогорулатууга;
-Сырткы келбетим жана жʏрʏм-турумум менен окуучуларга жана алардын ата-энелерине ʏлгʏ болууга;
-Кыргыз Республикасынын “Жашы жете элек балдардын укугун коргоо”, “Баланын укугу жѳнʏндѳ Конвенция” мыйзамдарын таанууга жана сакталышын камсыз кылууга;
-Окуучуларымды суроого, ар бирин инсан катары кѳрʏʏгѳ, аларды интеллектуалдуу ѳстʏрʏʏгѳ, моралдык жана нравалык жактан жардам берʏʏгѳ;
-Чыныгы педагог болууга, чыдамкай, тартиптʏʏ, принципиалдуу болоууга;
- ϴзʏмдѳ жана окуучуларда гумандуулукту, сылык, сарамжалдуу, кайраттуу, жоопкерчиликтʏʏ болууга;
-Окуучуларга, коллегаларга, жетекчиликке жана ата-энелерге жʏйѳѳлʏ мамиле жасоого;
2-ТАРАПТАН ____-класстын ата-энелер комитети жана анын курамынын мʏчѳлѳрʏ тѳмѳндѳгʏлѳргѳ милдеттʏʏбʏз:
- Ата-энелер жана анын ордун алмаштыруучулар, балдарыбызбдын толук кандуу ѳсʏʏсʏнѳ, тарбияланышына, билим алышына, мектепте жана мектептен кийинки, сабак аяктаган учурларга керт башыбыз менен жооп беребиз. Бардык шарттарды тʏзʏп беребиз. Форма жана бут кийим, сырт кийим, баш кийимдери, окуу куралдары менен толук камсыз кылабыз.
- Мектептен кийинки учурлары ʏчʏн толук кѳзѳмѳл жазайбыз, бош жʏрʏʏчʏлʏккѳ, жалкоолукка, калпычылыкка, уйкучулукка жана башка жат кѳрʏнʏштѳргѳ жол бербейбиз.
- Үйдѳн окуусуна, эмгектенʏʏсʏнѳ, эс алуусуна, туура тамактанусуна, иш ирээтин тʏзʏп беребиз, ошол регламент боюнча коомдук жайларда жана мектептен кийинки бош убактыларына анализ жасап турабыз, сабактан кийинки учурларына көзөмолдʏктʏ кʏчѳтѳбʏз, жоопкерчилик тартабыз.
- Мектепте ѳткѳрʏлѳ турган иш чараларга, даталуу кʏндѳргѳ, ийримдерге, олимпиадаларга, спорттук мелдештерге катышууга, даярданууга шарт тʏзʏп беребиз.
- Класс жетекчилери, предметтик мугалимдери, мектеп жетекчилеринин кѳрсѳтмѳ сунуштарына аяр мамиле жасайбыз, эӊ жакшы, пикирлештик ѳз ара тʏшʏнʏʏчʏлʏк менен биргеликте иш араекеттерди жасайбыз, одонолукту, жаман мʏнѳздʏ, басмырлоочу кеп создордʏ , укугун тебелѳѳчʏ иштерден алыс болобуз. Чагымчылдык, ушак кептерди тартсак мыйзам чегинде жооп беребиз.
- Мектеп тарабынан, окуучулар аркылуу же болбосо коомчулук жактан кеткен кемчиликтер болгон учурларда мектеп директоруна, орун басарларына жазуу жʏзʏндѳ кайрылабыз, бирдиктʏʏ туура чечилишине маани беребиз. Тʏшʏнʏʏчʏлʏк менен мамиле жасайбыз.
- Мугалимдердин эмгегин коргойбуз, баалайбыз алар ʏчʏн тура камкордук кѳрѳбʏз. Ата-эрнелер жана аны алмаштыруучулар, балдарыбыздын ѳсʏп-ѳнʏгʏʏсʏнѳ, саламаттыгына, алардын адептик- ыймандыгына залал келтирʏʏчʏ жат кѳрʏнʏштѳрдʏн болушуна , ʏйдѳн аяр мамиле жасайбыз. Үйдѳгʏ жʏрʏм-турумдар, пикирлешʏʏ, коӊшу –колоӊдорго, туугандарга, жоро-жолдошторго жасаган мамиле, жатактык, жалкоолук же болбосо жоосунсуз терс кѳрʏнʏштѳр балдар ʏчʏн эӊ башкы тарбия экендигин сезип турууга, унутпоого аракет кылабыз. Бардык тарбия ʏйдѳн башталарына чоӊ маани беребиз. Бирѳѳнʏн кемчилигин издебей, ѳзʏбʏздʏн оӊ жана терс мʏнѳздѳрʏбʏзгѳ анлиз берип, аны оӊдоого аракеттенибиз.
- Балдарыбыздын газете-журналдарга жазылышына, конкрустардын отʏлʏшʏнѳ, предметтик олимпиадаларга, спорттук мелдештерге кеткен чыгымдарды кѳтѳрʏʏгѳ макулдук беребиз жана шарт тʏзʏп беребиз.
- Балдарыбыздын шык-жѳндѳмʏнѳ талантына карата багыт беребиз, чозчубчуз билбесек класс жетекчилер, предметтик мугалимдерден мектеп жетекчилери менен байланышып иш алып барабыз.
- Биз ата-энелер мектептин окуу материалдык байлыгын чыӊдоо максатында ѳзʏбʏздʏн жекече макулдугубуз менен тʏрткʏ берʏʏчʏ булактардын табылышына, кошумчалашына жардамдарды беребиз. Отличник, ѳнѳрлʏʏ балдарыбызга, олиимпиадалардын райондук, облустук, республикалык жеӊʏʏчʏлѳргѳ стимулдук жактан камкордукка алабыз.
- Мектептеги жарды жетим, толук жетим, майып балдарга жардам берʏʏ максатында жеке ишкерлерди, атуулдук кѳмѳктѳшʏʏчʏлѳрдʏ тартабыз.
- Эӊ алдыӊкы кѳрсѳткʏчʏ бар, чыгармачылык, изденген иш тажрыйбаларынын жайылткан, конкрустун жеӊʏʏчʏлѳрʏнѳ колдоо коѳӊргозобʏз.
- Бардык ишти ата-энелер комитетинин курамындагы мʏчѳлѳрʏ мектеп директорунун кеӊеши менен финансылык каражаттарды акылдашып чечебиз. Ата-энелер ѳзʏбʏздʏн колдоо фондубузду тʏзѳбʏз жана комиссиябыз аркылуу чыгымдайбыз.
- Мектептин кѳмѳкчʏ чарбасын уюштурууга, мектеп ʏчʏн жазылган проектилерге ѳздʏк салымдарды кошууга, мектептин айланасын кѳрктѳндʏрʏʏ, жашиылдандырууга, предметтик окуу кабинеттерине жалпы жазалгалоо иштерине колдоо кѳрсѳтѳбʏз.
- Балдарыбызды себепсиз окʏʏдан калтырбоого, сабактан жетишпей жатса ʏйдѳн жардам берип кѳзѳмѳлдѳп туруга, мектептин коомдук мʏлкʏнѳ зыян келтирсе чыгымын тѳлѳп берʏʏгѳ.
АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТТЕРИНИН УКУКТАРЫ
- Мектептин ата-энелер комитетинин:
- Тарбия ишин жʏргʏзʏʏгѳ мектепке жардам кѳрсѳтʏʏ, анын окуу- матриалдык базасын чыӊдоо маселелери жана да ата-энелердин балдарды тарбиялоо мамилеси жѳнʏндѳ органдар, коомдук уюмдар мектепти ишке алышкан ишканалар, чарбалар жана мекемелер менен байланыш тʏзʏʏгѳ.
- Окуучулар менен мектептен тышкаркы жана кластан тышкаркы иштер боюнча, уюштуруу- чарбалык маселелер боюнча, педагогикалык коллективдик окуучулардын ата-ьэнелери менен иштерин жакшыртуу бойунча сунуштарды мекткептин директору менен жана педагогикалиык кеӊешиинин кароосуна коюуга: Мектептин директору жана педагогикалык кеӊеш ата-энелер комитетинин сунуштарын кунт коюп карап чыгып, кабыл алган чечимдер жѳнʏндѳ аларга билдирʏʏгѳ укуктуу.
- Мектептин ишинин абалы жана перспективалары жѳндѳ мектеп директорунун билдирʏʏсʏнѳ жана ата-энелерди кызыктырган маселелер боюнча анын тʏшʏндʏрʏʏсу угуга ;
- Класстык ата-эинелер комитеттеринин отчетторун угуп, алардын иштерин жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алууга.
- Ата-энелердин чогнулуштарын жана коференцияларын чакырууга;
- Жалпыга милдеттʏʏ билим берʏʏ фондусун тʏзʏгѳ жана муктаж болгон окуучуларга материалдык жардам кѳрсѳтʏʏ жѳнʏндѳ маселелерди чечʏʏгѳ катышууга;
- Ата-энелерди, окуучуларды идеалдык саясий тарбиялоонун ар тʏрдʏʏ формалариына, балдардын коомдук пайдалуу иштерине профессионалдык жагынан багыт берʏʏ боюнча иштерге, куржокторго жана менктептен тышкаркы иштерден башка тʏрлѳрʏнѳ жетекчилик кылууга, тартууга.
- Мектепте жана мектептин микрорайонунда ата-энелердин дежур болуусун уюштурууга укук берʏʏ.
- Класстык ата-энелер комитеттеринин класс жетекчисине окуукчулар менен класстан тышкаркы иштерди жакшыртуу боюнча, класстын окуучуларынын ата-энелери менен иштерди жакшыртуу боюнча сунуштарды коюуга жана ата-энелерди кызыктырган маселелер боюнча класс жетекчисинин тʏшʏндʏрмѳѳсʏн угууга укугу бар.
- Жалпы мекткптин ата-энелер комитетинин тѳрагасы мектептин педагогикалык кеӊешинин мʏчѳсʏ болуп эсептелет.Шарттуу мезгилдерде мектеп директорунун чакыруусу менен педагогикалык чогулуштарга педагогикалык кенештерге катышууга укуктуу.
МЕКТЕП ОКУУЧУСУНУН АР-НАМЫСЫНЫН КОДЕКСИ.
МЕН,КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕКТЕП ОКУУЧУСУ МИЛДЕТТЕНЕМ:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоого,Кыргызстандын кѳз каранды эместигинин символдору болгон Гимн,Герб,Желегин билʏʏгѳ жана ырдоого;
-ϴлкѳнʏн жараны катары ѳз мекенимди сʏйʏʏгѳ жана урматтоого,Манастын осуяттары боюнча адилет жана чынчыд жашоого;
- Улууларды,мугалимдерди жана ата-энелерди урматтоого;
- Акыл-эсти ѳстʏрʏʏгѳ,тарбиялуу жана билимдʏʏ урматтоого;
- Эне тилди сʏйʏʏгѳ жана ʏйрѳнʏʏгѳ,башка элдердин эне тилдердин,маданиятын сыйлоого;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана баланын укуктары жѳнʏндѳгʏ Конвенцияда белгиленген ѳзʏмдʏн жана башкалардын укуктарын сактоого;
-ϴзʏм жѳнʏндѳ камкѳрʏʏгѳ,ден соолукту чындоо,чыгармачылык жѳндѳмдʏ ѳнʏктʏрʏʏгѳ;
- Менден жакшы окуган окуучулардын катарына кошулууга жана менден начар окуган окуучуларга колдоо корсотүүго;
- Аң сезимдүү болууга,ойлонулбаган чечимдерди кабыл албоого;
- Өзүмө карата кандай мамиле күтсөм,башкаларга карата да ошондой мамиле кылууга;
- Башкаларга жакшылык кылууга умтулуу;
- Толеранттуулукту сактоого,башкалардын көз карашын,каада салтын,өз элимдин демократиялык салтын сактоого;
- Өзүмдүн сырткы келбетиме жана жүрүм-турум этикага көз салууга;(анткени алар ички гармонияны жана ички сулуулукту чагылдырат)
- Өз оюмду,өз мектебимди,мени курчап турган жаратылышты сактоого;
- Кыргыз Республикасынын татыктуу атуулу болуп,анын гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн мага кеңири билим,сынчыл ой жүгүртүү,достук,кызматташтык керек экендигин эске сактоого;
3-тараптан_____ класстын окуучулары төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1 .Мектептин тартип эрежелерин,техникалык коопсуздук боюнча кабыл алынган иш чараларын сактоого,мектептин баардык буюмдарына кылдаттык менен мамиле жасоого,бардык эмгектерге,парта,стол,стул,доска,терезе айнектери жана башка техникалык каражаттарга аяр мамиле кылууга, сындырсам, бүлдүрсөм, чийсем төлөп берүүгө.
2.Сабакка өз учурунда келүүгө,сабак калтырбоого,кечикпөөгө милдеттүү.
3. Мектептен,коомдук жайлардан,үйдөн тартип бузууга,бирөөнү мазактоого,мушташуу-жаатташууларды уюштурбоого, тамеки чегүү, спирт ичимдигин колдонбоо, бирөөнү кордоого акысы жок.
Калп айтып жаман иштерге барбоого,бири-бирине муш коюга,жалкоолук кылууга,коомдук жайларда топтошуп жүрүүгө,тартипти бузууга акысы жок.
Ар бир окуучу өзүнүн буюмдарына,формаларына,кийим кечелерине этияттык менен мамиле кылууга.Бирдей форма кийүүгө карата класс жетекчинин талаптарын аткарууга.
- Ар кандай отуруш-уюшмаларды уюштурууга,окуучулар тырмак өстүрүүгө,бойонгонго катуу тыюу салынат.
- Белек-бекчелерди тапшырууга,тамак берүүгө уруксаат берилбейт.
- Ар бир предметтик сабактарга жакшы даярданууга,мугалимдердин айткан сунуштарын,тапшырмаларын өз учурунда аткарууга милдеттүү.
- Мектепте окуучулардын уюлдук телефондорду алып жүрүүгө,колдонууга катуу тыюу салынат.
- Мектепте дежурлук милдетин так аткарууга,класстын,окуу куралдардын булганышы,чийилиши жана башкаларга жол бербейт.
- Сабак бүткөндөн кийин эч себепсиз коомдук жайларда жүрүүгө туюу салынат.Мектептен УСТАВында кечки саат 19-00дөн кийин,1-8-класстардын 20-00дөн кийин,9-11-класстардын балдары үйдөн башка жактарга барууга акысы жок.
- Сабак бүткөндөн кийинки учурларда ата-энелердин карамагында экендигиңер эскертилет.
- Мектептин деңгээлиндеги иш чаралар өткөрүлгөн учурларда,шартка жараша,кулактандыруулар,буйруктар,көрсөтмөлөр берилет.Кароо-сынактар,спорттук мелдештер,оюн-зооктор,жолугушуулар күнү,сааты көрсөтүлөт,кайда өткөрүлөөрү белгилент,ошол мезгилде мектеп жетекчилигинин уруксааты менен боло тургандыгы эскертилет.
- Окуучулар салтанаттуу берген антын,ар-намыс кодексин ар дайым так аткарууга милдеттүү
Мектеп окуучуларынын укуктары.
1.Предметтик олимпиадаларга, “Жаш таланттардын кароо-сынактарына”,спорттук жолдоштук беттешүүлөргө мүчө болуп катышууга,каалаган ийримдерге мектептин көрсөтмөсү менен барууга.
2. Чыгармачылык жөндөмүн,талантын,шыгына жараша өстүрүүгө,колдоо табууга укуктуу.
3.Жаштар өспүрбилдирууүмдөр уюмунун чогулуштарына катышууга,өз ой пикирин билдирүүгө,парламентке ар кандай министрликтерине шайланууга жана шайлоого.
4Мектептин коомдук тапшырмаларын,мектептин кызыкчылыгы үчүн пайдалуу иштерди жүргүзүүгө.
5.Класстын,мектептин жана айыл маданиятынын алдыга өсүшүнө бардык жактан жардамдарды берүүгө,коомчулуктун ашар жолу менен аткарылуучу чарбалык иштереге активдүүлүктү көрсөтүүгө,жардамдашууга.
6. УЮМГА:”Манас”,”Семетей”,”Сейтек” жаштар уюмдарына мүчөлүк акылырын өз учурунда төлөп турууга,мектеп жетекчилиги менен макулдашып _____%тин класстын жана жалпы мектептин алдыңкы окуучуларына стимул берүүгө.
7.Жаштар уюмунун газета-журналдарына жазылууга,макала-аңгемелерди чыгарууга,жазып беруугө.