Мектеп кеңеши

Мектеп кеңеши

          • Профилактикалык кеңеш

          • Буйрук № ___

            ______-сентябрь    2021-жыл

            Ийри-Суу айылы                                                      М. Байдөлөтов атындагы орто мектеби

            Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде “Алдын алуу кеңешин түзүү жөнүндө”

            Буйрук кылам.

            Кыргыз Республикасынын укук бузууга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүү жөнүндөгү 25-июнь 2005-жылдагы №82 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту жана балдарга карата ырайымсыз мамилелерди, өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча “Алдын алуу кеңешин” түзүү максатында буйрук кыламын:

            1. 2021-2022-окуу жылына карата  өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун “Алдын алуу кеңеши” түзүлсүн.
            2. “Алдын алуу кеңешинин” курамына төмөнкүлөр бекитилсин:

            Алдын алуу кеңешинин төрайымы: Асылбекова М. С.

            Мүчөлөрү:

            Окуу-тарбия иштеринин орун басары-Назарбаев Ж. С.

            Уюштуруучу –Абдраева Н. А.

            Соц педагог- Исаева С. Б.

            Айыл өкмөтүнүн соц адиси -    Сакеева   Зарина

            ИДН кызматкери-Ахматбекова Б.

            Ата-энелер комитети- Кыйсаева Э.

            Технология мугалими – Асылбеков Ж.С.

            Кыргыз тили жана адабияты мугалими – Исаева А.Б.

            Башталгыч класстын мугалими – Жанузакова Г.

            Ата-энелер:   Мамыров Чыныбек

                                    Абдыкаиров Бакытбек

                                    Турсуналиев Уланбек

            1. “Алдын алуу кеңешинин” отурумдагы өз убагында кеңештин курамы менен өткөрүлүп турсун.
            2. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, рэкетчиликтин алдын алуу, түшундүрүү иштерин жүргүзүү жана көзөмөлдөө жагы жалпы класс жетекчилерге жана ата-энелерге милдеттендирилсин.
            3. “Алдын алуу кеңешинде” маселеси каралган өспүрүмдөргө байкоо жүргүзүү жагы уюштуруучу Н. Абдраевага., соцпедагог С. Исаевага тапшырылсын.
            4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

            Мектеп директору:                          Асылбекова М. С.

                                              

             

             

             

             

            М. Байдөлөтов атындагы орто мектебинин профилактикалык Кеңешинин

            ЖОБОсу

            1. Жалпы бөлүм

            Алдын алуу кеңеш Баланын укуктары жөнүндө Конвенциянын, “Кыргыз Республикасында укук бузууга каршы профилактикалык иштерди жүргүзүү” жөнүндөгү № 82 25-июнь 2005-ж. КР Мыйзамынын негизинде түзүлөт.

            1. Максаты жана иштин мазмуну

            Профилактикалык Кеңештин негизги максаты болуп:

            • Укук бузууга, селсаяктыкка жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугуна каршы профилактикалык иштер;
            • Окуучуларда укуктук маданиятын жана мыйзамдуулук мүнөздүн негиздерин калыптандыруу;
            • Балалык укуктарын коргоо
              1. Кеңештин мүчөлөрү мектептин укук бузууларга каршы жүргүзгөн иштерине катышат;
              2. Профилактикалык Кеңеш коомдук башкаруу уюму катары рекоменлациялык мүнөздөгү чечим кабыл алат жана бул боюнча мектеп жетекчилиги боюнча буйрук чыгара алат.
            1. Профилактикалык Кеңештин мүчөлүгү

            3.1 Профилактикалык Кеңеш мектеп администрациясынын, мугалимдер коллективинин, ИДН кызматкерлеринин, мугалим уюштуруучулардын, коомчулуктун, коомдук профилактикалык борборлордун(айыл өкмөт), ата-энелердин, жогорку класстын окуучуларынын, ата-энелер комитетинин өкүлчүлүгүнөн түзүлөт.

            4.  Профилактикалык Кеңештин структурасы

            4.1. Профилактикалык Кеңеш ачык добуш берүү аркылуу төрагасын, орун басарын, катчысын, комиссия мүчөлөрүн шайлайт.

            4.2. Профилактикалык Кеңештин комиссиялары:

            - “оор мүнөздөгү”  үй-бүлөлөр менен иштөө комиссиясы үй-бүлөлүк жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын сактоо, балалыкты социалдык жактан коргоо маселелерин чечет;

            - “оор мүнөздөгү” балдар менен иштөө комиссиясы тарип ,окуу процессин уюштуруу , укук бузууну профилактикалоо, селсаяктык жана өспүрүмдөр кылмышына каршы, окуучулардын жайкы эс алуусу маселелерин чечет;

            - укуктук комиссия өспүрүмдөр арасында укук бузууга жана кылмыштуулукка каршы тийиштүү сунуш, иш кагаздарды иштеп чыгат, Профилактикалык Кеңештин комиссияларынын ишин координациялайт, БИК, ИДН, балалыкты жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрү менен байланышты түзөт.

            5. Профилактикалык Кеңештин ишмердүүлүгүн уюштуруу

            5.1. Профилактикалык Кеңеш өзүнүн заседаниесин, эреже боюнча айына бир жолу өткөрүп турат, же шашылыш болсо кезексиз өткөрсө болот.

            5.2. Профилактикалык Кеңештин чечими көпчүлүк добуштун кеминде 2/3 мүчөлөрүнүн  добушу менен кабыл алынат.

            5.3. Профилактикалык Кеңеш мектеп жетекчисинин макулдугу менен Кенештин заседаниесинде кабыл алынган иш план менен иштейт.

            5.4. Профилактикалык Кеңештин ар бир заседаниесинде протокол жазып турат.

            5.5. Профилактикалык Кеңештин ар бир заседаниеси болгуча 6 адамдан турган президиум иш алып барат:

            - төрага

            -уюштуруучу

            -соцпедагог

            -класс жетекчи

            -предметтик мугалим

            Президиум профилактикалык Кеңештин чечимин көзөмөлдөйт, заседание каралуучу маселени даярдайт. Кеңештин ишмердүүлүгүн уюштуратю

               Президиум чечимдери рекомендациялык мүнөздө болот.

            1. Профилактикалык Кеңештин жана мүчөлөрүнүн функциясы:

            6.1. Профилактикалык Кеңеш укуктуу;

            - Кеңештин кароосуна селсаяктыкка , укук бузууга, өспүрүмдөр кылмыштуулукка байланыштуу маселер\лерди талкууга коет;

            - Кеңештин заседаниесине окуучулар арасында укук бузууга каршы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Профилактикалык иштерди жүргузүү максатында окуучуларды, алардын ата-энелерин жекече сүйлөшүүгө чакырат;

            - окуучулардын журуш-турушу, уй-бүлөдөгү тарбиялоосу, окуусу жана башка маалыматтарды мугалимдерден алат.

            6.2. Профилактикалык Кеңеш милдеттүү;

            - мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга Кеңештин ишин маалымдайт;

            - Кеңештин иши боюнча жогорку органдарга маалымат берип турат.

            7. Профилактикалык Кеңеш тарабынан колдонулуучу чаралар

            7.1. Жаш өспүрүмдөргө

            - эл алдында же жекече жабыр тарткан тарапка кечирим суратуу;

            - мектептин ички учетуна тургузуу;

            -мектеп жетекчилигинен талап кылат

            А) эскертүү берүү;

            Б) сөгүш  же катуу сөгүш жарыялоо;

            В) БИКке сунуш берүү;

            Г) ЖӨИИ ге сунуш берүү.

            7.2. Жаш өспүрүмдүн ата-энесине

            - мектеп жетекчилигинен талап кылат

            А) ата-энесин педагогикалык кеңешке чакыруу

            Б) БИКке сунуш берүү

            В) Ата-энеге чара колдонуу боюнча РИИБге билдирүү

            1. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнүн формалары:

            -Кеңеште карала турган мектеп, ЖӨИИ нин учетундагы өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлөрүнө изилдөө жүргүзүү;

            -ЖӨИИ сы, коомчулук менен биргеликте рейддерди жүрүзүү;

            -Оңолуу жолуна байланыштуу өспүрүмдөрдүн сөзүн угуу4

            Укук бузуунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча өспүрүмдөргө бекитилген жооптуу адамдар тарабынан жеке көзөмөл:

            1. Профилактикалык Кеңештин иш кагаздарынын номенкулатурасы

            Мектеп директорунун буйругу менен кенештин иш кагаздары түзүлөт.

            • Окуу жылы үчүн түзулгөн иш план;
            • - заседаниелердин токтомдору;
            • Укук бузуулар боюнча сунуштар, билдирүүлөр;
            • Көзөмөлдөр, рейддер боюнча түзулгөн отчеттор, справкалар;
            • Изилдөө актылары.
          • Алдын алуу кеңешинин иш планы

          •  

            Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин окуучулар арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 2021-2022-окуу жылына карата бирдиктүү иш-чаралардын негизинде түзүлгөн мектептин алдын алуу кеңешинин иш планы.

            Аткарылуучу иштин мазмуну

            Мөөнөтү

            Аткаруучулар

            Күтүлүүчү натыйжа

            1.  

            “Алдын алуу кеңешинин” курамын кайра түзүү жана жылдык иш план иштеп чыгуу

            Сентябрь

             

             

            1.  

            “Алдын алуу кеңешинин” ишин активдештирүү, өз убагында заседание өтүп туруу

             Ай сайын

             

             

            1.  

            Окуучулардын укук бузууларын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында класстык тарбиялык сабактардын өтүлүшү

            Жыл ичинде

            Класс жетекчилер

             

            1.  

            Окуучулар арасындагы бири-бирин опузалоо, зомбулук фактылардын алдын алуу максатында төмөнкү иш-чараларды аткаруу:

            -“Ишеним кутучасын” ачып туруу;

            -оозеки сурамжылоо, анкета алуу, байкоо жүргүзүү;

            Жогорку класстардын эркек окуучулары менен жолугуушуларды, тегерек стол, аңгемелешүүлөрдү өткөрүү.

            дайыма

            Мектеп жетекчилиги, класс жетекчилер, соц педагог

             

            1.  

            Балдар өспүрүмдөр уюмун түзүү

             Жыл ичинде

            Уюштуруучу, соц педагог

             

             

            1.  

            Тарбиялоо концепциясын иштеп чыгуу

             2-жарым жылдык

            Мектеп админ

            план

            1.  

            Өспүрүмдөрдүн аң-сезимине оң таасир этүүчү документалдык жана көркөм тасмалардан көрсөтүү

             Жыл ичинде

            Уюштуруучу, соцпедагог, жаштар уюму

            Туура жолго түшүүгө үндөлөт

            1.  

            Өспүрүмдөр арасындагы жакшы иштер жана терс көрүнүштөр жөнүндө мектеп дубал газетасына чагылдырып туруу

            Ай сайын

            Класс жетечилер

            Мектеп ичинде кылмыш азаят

            1.  

            Мектеп учетунда турган окуучулар менен тарбиялык түшүндүрүү иштерин жандандыруу, алардын ата-энелери менен тыгыз байланыш түзүү, жума сайын рейдге чыгып туруу

            Дайыма, жума сайын

            Класс жетекчилер, соцпедагог

            Ата-эне менен байланыш чыңдалат

            1.  

            Ата-энелер менен байланышты чындоо максатында класстык жана  жалпы чогулуштарды өткөзүп туруу

            Чейрек сайын

            Уюштуруучу, класс жетекчилер

            Ата-энелердин жоопкерчилиги күчөйт

            1.  

            “Ачык эшиктер кунү” иш чарасынын негизинде КР нын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнө окуучуларды алып баруу

            Жыл ичинде

            Уюштуруучу, АЧД мугалими

            Элин, жерин коргоо милдетин түшунөт

            1.  

            Окуучулар арасындагы жаңжалдагы өзгөчө “тобокел тобундагы” мектеп ичинде каттоодо турган жана “ынтымагы жок” үй-бүлөлөрдүн балдары менен тарбиялык алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү

            Жыл бою

            Уюштуруучу

            Соц педагог

            Класс жетекчилер

            Окууга, мектепке болгон сезимдери артат

            1.  

            Окуучулардын класстан тышкаркы бош убактыларын туура пайдалануу максатында спорттук  иштерди үзгүлтүксүз иш алып баруу

             

            Расписаниеге ылайык

            Дене тарбия мугалими

            Ден соолугу чыңдалат

            1.  

            Ата-энелердин жана мугалимдердин катышуусунда микро участоктор боюнча рейддерди уюштуруу

            Жыл ичинде дайыма

            Класс жетекчилер, ата-энелер

            Коопсуздуктун алдын алуу

            1.  

            Мектеп, окуучу, ата-эне үч тараптуу келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу. Класс боюнча байкоолорду жургүзүү

            дайыма

            Уюштуруучу, соц педагог

            Класс жетекчилер

            жоопкерчилик артат

            1.  

            “Рэкетке жол жок” аттуу ураан менен жогорку класстар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу

            Жыл ичинде

             Соц педагог

            Дене тарбия мугалимдери

            Рэкетчилик жоюлат

            1.  

            Окуучуларды укуктук , адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, укук бузууларды жана коомго каршы аракеттерди эрте алдына алуу иштерин мектеп ата-энелери жана жогорку класстын окуучуларынын жардамында уюштуруу

            Сентябрь, октябрь

            Уюштуруучу

            Класс жетекчилер

            Укук бузуулар азаят

            1.  

            Коомчулукта аракечтиктин алдын алуу боюнча иш чараларды уюштуруу

            Жыл ичинде

             Уюштуруучу

            Соцпедагог

            Класс жетекчилер

            Жаман сапаттардан алыс болот

            1.  

            “Өзүндү тамекинин зыяндуу таасиринен корго”  темасында түшүндүрүү иштерин жүргузүү. Класстык сабактарды өтүү

            Жыл ичинде

             Класс жетекчилер

            Ден соолукка зыян келтирүүдөн сактанышат

            1.  

            Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында класстагы  ата-энелерге семинар, тренингдерди өтүү

            Жыл ичинде

            Уюштуруучу

            Класс жетекчилер

            Үй-булөдөгү зомбулуктун алдын алуу

            1.  

            8-11-класстар арасында ВИЧ/СПИД, наркоманиянын алдын алуу үчүн сынак, журуштөрдү өткөзүү

            Ноябрь

            декабрь

            Уюштуруучу

            Соцпедагог

            Класс жетекчилер

            Терс жолго тушүү азаят

            1.  

            Окуучулардын коомдук жайларды өзүн-өзү алып жүрүү боюнча тарбиялык сабактарды өтүү

            Жыл ичинде

            Класс жетекчилер

            Этиканы үйрөнөт

            1.  

            Жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо, транспор кырсыктарынан алдын алуу. Тарбиялык сабактар

            Жыл ичинеде

            Класс жетекчилер

             Жол эрежелерин билишет

            1.  

            Өспүрүмдөр арасында оюн-зоок, КВН, кароо –сынактарды уюштуруу жана өткөзүү

            Окуу жыл ичинде

            Мектеп админ

            Бош убактыларын туура пайдалана билишет

            1.  

            Сабакты себепсиз калтырган окуучулар жана ата-энелери менен иш алып баруу

            Окуу жыл ичинде

            Мектеп админ

            Класс жетекчилер

            Окуучулардын сабакка катышы жакшырат

            1.  

            Мектеп ичиндеги жана сыртындагы майда рэкетчилик боюнча үзгүлтүксуз көзөмөл жүргүзүү

            Окуу жылы ичинде

             Мектеп админ

            ИДН

            Ички тартип жакшырат

            1.  

            Өспүрүмдөр арасында денеге  жаракат алып келүүчү куралдарды алып жүрүүсүн  алдын алуу

            Окуу жылы ичинде

            Класс жетекчилер,

            Дежур мугалимдер

            Ички тартип жакшырат

            1.  

            Дин маселеси боюнча, диний экстемизмдин коомдого  алып келүүчү коркунучу түшүндүрүү максатында  мектептерде диний кызматкерлеринин катышуусунда тарбиялык сабактарды өтүү

            Жыл ичинде

            Класс жетекчилер

            Дин тууралуу маалымат алышат

            1.  

            Окуучулар арасында сергек жашоо образын үгүттөө жана психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча маалыматтык иш-чараларды өткөзүү

            Жыл ичинде

            Уюштуруучу

            Соц педагог

            Өмүрүнө зыян алып келээрин түшүнөт

            1.  

            Мен-Мекенимдин коргоочусу, “Зпрница” аскердик патриоттук сынак сабактарын өтүү

            Февраль-май

            АЧД мугалими

            Патриот-туулкка тарбияланышат

            1.  

            Милициянын жаш жардамчыларынын ишин жандандыруу

            Жыл ичинде

            Уюштуруучу

            Соц педагог

             

            1.  

            Окуучулар арасында таксомания, наркомания, тамеки чегүү, насвай, алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө тарбиялык сабактарды өтүү

            Жыл ичинде

            Класс жетекчилер

            Зыяндуу заттардан алыс болууну тушүнүшөт

            1.  

            Мүнөзү оор деп эсептелген окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

            дайыма

            Соц педагог

            Класс жетекчилер

             

            1.  

            Мектеп менен ата-энелердин байланышын чыңдоо максатында балдарын жакшы тарбиялаган ата-энелер үчүн “Үлгүлүү үй-бүлө”, “Ардактуу ата-эне” сынагын өткөзүү

            2-жарым жылдыкта

            Мектеп админ

            Ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлөт

            1.  

            Окуучулар арасында аскердик-патриттук ырлар боюнча конкурс өткөзүү

            февраль

            Музыка мугалими

             

            1.  

            Жаш ата-энелерге  баладагы өткөөл курак тууралуу, балдарга жыныстык тарбия берүү максатында маалымат берүү үчун тегерек столдорду уюштуруу

            Жыл ичинде

            Уюштуруучу

            Класс жетекчилер

             

                                            Уюштуруучу:                                   Абдраева Н. А                  

                                       Соц педагог:                           Исаева С. Б.

      • Lorem ipsum dolor

        • еще нет данных для отображения