Наш профиль
- Мектеп тарыхы
- Билим берүүгө лицензия
- Жалпы билим берүү мекемесинин уставы
- Имараттын, курулуштардын жана каражаттардын паспорттору. АПУ. ИТУ
- Мугалимдер жамааты
- Базистик окуу планы
- Усулдук бирикме
- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча маалыматы
- Насаатчылык
- Биз сыймыктанган инсандар
- Устаттар
- Окуучулардын тамактануусу
- Олимпиада жобо. Олимпиада жыйынтыктары
- ИДН / Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен иш алып баруу
- Мектеп структурасы. Функционалдык милдеттер
- Мугалимдер этикасынын кодекси. Ички тартип эрежелери.
- Энелер мектебинин жобосу
- Соц педагогдун иш планы.
- Китеп окуу конкурстары
- Материалдык - техникалык базаны жакшыртуу
- Социалдык өнөктөштүк
- Окуу КЕРЕМЕТ
- Өзүн - өзү башкаруу уюму
- Билим берүү стандарттары
- Стратегиялык өнүгүү планы
- Эвакуация планы. Пожарный щит
- Кесиптик кошуундар бирлиги. Эмгек келишими
- Бухгалтердик отчет
- ҮКӨ
- МТБ жакшыртуу
- ИСУО
- Ата энелер чогулушу
- “ББМС жөнүндө”
- Коопсуз чөйрө. Сүрөттөр
- Кабинеттин паспорту
- ОРТ/ЖТР
- Ишеним кутучасы
- Отчет Д-10
- Электрондук китепкана
- Сабактын үлгүсү
- Календарлык план
- Чейрек мониторинги/ Билим сапат
- Баалоо критерийлери
- ЖМА
- Эмгек паспорту
- Предметтик мониторинг
- Грамоталар
- ЖОБОЛОР
- Накладной китеп
- Сабакка катышуунун анализи
- Класстын коопсуздук эрежеси
- Жылдык иш пландар
- Сабактын жүгүртмөсү
- Бирге окуйбуз китептери
Биз сыймыктанган инсандар
Бакыт Асанов
1989-жылы Нарын облусунун Нарын районундагы Ийри-Суу айылында туулган. 1995-жылы Муса Байдөлөтов атындагы ортомектепке кирип, 2006-жылы ийгиликтүүаяктаган. Мектепте окуп жүргөн жылдары окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин “Жеткинчек” стипендиясынын ээси болгон.
2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Коммуникация факультетине тапшырып, 2011-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Тышкы иштер министрлигинине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын магистранты.
2010-2011-жылдары “Bulak.kg” интернет басылмасында журналист,
2011-2015-жылдары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинде журналист,
2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин маалымат катчысы-кеңешчиси,
2016-2020-жылдары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкектеги кеңсесинде журналист,
2020-жылдан азыркы учурга чейин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Прагадагы баш кеңсесинде журналист болуп эмгектенет.
Түркия, Бельгия, Кытай, Орусия, Чехияда кесиптик ишмердигин жогорулатуу боюнча тренингдерден өткөн.
Биз сыймыктанган инсандар
Осмонов Абдыжалый
Осмонов Абдыжалый 1965-жылы 22-октябрьда Тянь-Шань районунун Ийри-Суу айылында кызматкердин үй-бүлөөсүндө туулган.
Ат кулагы менен тең ойноп, Жумак атама жылдын төрт мезгилинде тээк, жөлөк, бел болгон Абдыжалый мектепти ат үстүндө окуп бүтүргөндөй сезилет. Зээндүү болгондуктан мугалимдердин сабакта өткөн темасын, сабактарын улуу тоолорго сапар алган жолунда кайталап койчу.
“Сууң ичтим,гүлүң тердим аскаңдан,
Ушунчалык сүйгөндүктөн өзүңдү,
Уяламын таман менен баскандан...” деген Турар Кожомбердиевдин ырындай Абдыжалый Ийри-Суунун төрлөрүн таман менен баскандан уялчу,тазалыгын сактоочу, сулуулугун барктоочу “Ыйык Мекен”- деп сезчү. Ошондон уламбы Ата-Журт, улуу тоолордун кайталангыс касиетине жуурулушкан ырларды бала чагынан жаттап, обонун созчу. Үнү да өркөчтөнгөн уламалуу бийик тоолордой узукка созулчу. Абдыжалый аккардеонду үйрөнүп, комузда кол ойнотуп калчу. Жан дүйнөсүнүн керемети тынчтык бербесе керек. Ошол кой кыркуу пунктунда жүргөн он күндө аккардеонуна обонун коштоп, не бир түркүн ырларын аткарып, кыркынчылардын көңүлүн алчу.
Айылдан мектепти аяктагандан кийин, 1986-жылы 3-июнда Нарын ЭТУСта айдоочу, андан кийин Тянь-Шань РСУсунда электромонтер, 1989-жылы Чуй райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмчөсүндө күзөтчү болуп үзүрлүү эмгек өтөгөн. Эки жыл Советтик Армиянын кызматын Россиянын Чита шаарында өтөгөн.
1988-жылы Токмоктогу индустриялык педагогикалык окуу жайына өтүп, аны 1991-жылы 29-июнда аяктап, “Айыл чарбасын механизациялаштыруу” адистигине ээ болгон. 1991-жылы Ийри-Суу колхозуна колхозчу, клуб башчысы, механизатор болуп иштеп, Нарын шаарындагы ДОСААФта окуп, айдоочудук кесибине ээ болгон.
Абдиш кийин Чолпон –Атага отурукташып, кой союп сата баштайт. Малды семиртүү ага абдан жаккандыктан бала кезинен малсаак өсүп, минген атынын камчы эти көрүнбөй, шайдоот болчу. Туура сүйлөп, түз жүрүп, ак ниет иштеп, баарына үлгүрүп, бакыйган элдик дүкөн ачты.
Ажылык сапарга эки атасын – 87 жаштагы Тенти атаны , 80 жаштагы Жумак атаны ала барды. Алла сүйгөн жерде көкүрөктөрүн көкүрөктөрүнө ыкташып, аппак хидбаж кийимдерди кийишип, ааламдын ар кайсыл алыскы булуң-бурчунан келген мусулмандардын арасында кийиминде Кыргызстандын күн жебеси тартылган Герби кыргызды таанытып турду.
2012-жылдын 10-октябры биздин үй-бүлөгө, бир туугандарыбызга кайгы-муңду, азапты, ачуу тагдырды алып келди. Абдыш авариядан каза болду.12-октябрда жерге бердик.
2012-жылы 25-майда Ийри-Суу айылына келип, “Балдар биздин келечек” марафонуна катышып, 1941-жылы Ата-Мекендик согушка кетип, кайтпай калган, эрдик көрсөткөн мекендештердин эмгектерине, эрдиктерине эч нерсе тең келбектигин айтып, мектептин жанына эстелик тургузуу ак тилеги бар эле.
Өзү жок болсо да тилеги ишке ашсын деген максатта аркасында калган кыздарынын, уулдарынын, бир туугандарынын сунушу менен ак ниет эмгегенен, маңдай теринен табылган каражатка “Жеңиш күнүн” жана аталардын эрдиктерин жаш муундарга даңктап туруулары үчүн, эстелик тургузуу идеясы 2013-жылы 8-майда ишке ашты. Муса Байдөөлөтов атындагы Ийри-Суу орто мектебине Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата эстеликтин ачылышы болуп 85 000 сомго эстелик тургузулду.
Убакытта улгаюнун жылдары,
Жашоонун бул бизге берген Мыйзамы.
Анткен менен изибизди улаган,
Балдарыбыз өлбөстүктүн муундары.
Биз сыймыктанган инсандар
ЖАНБОЕВ ТУГОЛБАЙ КАДЫКЕЕВИЧ
СВЕДЕНИЯ О СЕБЕ______________________________________________
- Год и место рождения: 07.05.1957г., с. Ийри-СууНарынского районаНарынской области
- Национальность:кыргыз
- Семейное положение:женат, имею 4 сыновей
ОБРАЗОВАНИЕ_____________________________________
- 1974-1979гг.- Кыргызский Государственный университет им. 50 летия СССР
- Документ: Диплом о высшем образовании
- Специальность: Бухгалтер-экономист
- 1989-1991гг.- Высшая партийная школа г. Новосибирск
- Сертификат: Программа КОХРАН, США, штат Миннесота-1995г.
МЕСТО РАБОТЫ___________________________________________
- 1978-1980гг. - ревизор Министерства социального обеспечения Кыргызской Республики
- 1980-1983гг. - экономистколхоза Куланак Тянь-Шаньского района
- 1984-1985гг.- главный экономист колхозаЭмгекчил Тянь-Шаньского района
- 1985-1986гг. -инструктор организационного отдела Тянь-Шаньского райкома Компартии Киргизии
- 1986-1989гг. - секретарь партийного комитетаколхоза«Коммунизм» Тянь-Шаньского района
- 1989-1991гг. - слушатель ВПШ г. Новосибирск
- 1991-1994гг. -председатель колхозаИйри-СууНарынского района
- 1994-1996гг. - председатель сельского комитета Ийри-СууНарынского района
- 1996-1997гг. - глава Чет-Нуринскогоайылокмоту
- 1997-2010гг. - начальникНарынского районного финансового отдела
- 2010-2010гг. - первый заместитель главыНарынской районной государственной администрации-акима
- 2010-2012гг. - начальникНарынского районного финансового отдела
- 13.03.2012-09.02.2018гг- глава Нарынскойрайонной государственной администрации-аким
НАВЫКИ___________________________________________
- пользуюсь ПК,знание программ:MSOfice (MSWORD, EXCEL)
ЗНАНИЕ ЯЗЫКОВ___________________________________________
- Кыргызский, русский свободно
НАГРАДЫ__________________________________________
- Почетная грамота Кыргызской Республики, Почетная грамота ЖогоркуКенеша Кыргызской Республики,нагрудные знаки«Отличник государственной службы», «Отличник финансово-экономической службы», «Отличник государственной регистрационной службы», Почетные грамоты Министерства финансов, Государственной Кадровой службы КР,Министерства обороны, Комитета национальной статистики, «Лучший финансист 2003 года программа Намыс».
- «Почетный гражданин» Нарынской области и Нарынского района.
Биз сыймыктанган Инсандар
Туулган жери: Нарын району Ийри-Сууайылы
Жашаган жери: Бишкек шаары
Туулганжылы: 1989-жыл 9-сентябрь
Улуту: Кыргыз
Үй – бүлөлүк абалы: Эки кыз, бир уулдун атасы
Билими: 2007-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебин бүтүрүп.
2007-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүнө тапшырып, 2012-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган.
Иштеген жери: Азыркы учурда «Теӊир-Тоо» тобунун солисти
Сыйлыктары: 21-кылымдын жылдыздары, Ала-Тоо таӊшыйт теле долбоорунун лауреаты, Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктын жана төш белгисинин ээси, Нарын районунун акимчилик тарабынан берилген мактоо баракчасынын ээси.
Биз сыймыктанган инсандар
Исмаилов ТалантбекАсанович
Туулганжери: Нарын району, Ийри-Суу айылы
Жашаган жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: 1965-жыл 1-сентябрь
Улуту: Кыргыз
Үй – бүлөлүк абалы: Эки баланын атасы
Билими: Жогорку. Фрунзедеги Политех институтун бүтүргөн.
Кесиби: Архитектор.
1989-1991-жылдары Нарын шаарындагы акимчиликте иштеген,
1993-1994-жылдары архитектурада иштеген,
Учурда жеке ишкер.
Биз сыймыктанган инсандар
Кадыраалы уулу Талантбек
Туулган жери: Нарын району, Ийри-Суу айылы
Жашаган жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: 1993-жыл 15-май
Улуту: Кыргыз
Билими: 2011-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебин аяктаган.
2012-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын элдик ыр доо бөлүмүнө тапшырып, 2019-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктаган.
Иштеген жери: Азыркы учурда «Эл Муз» тобунун солист
Биз сыймыктанган инсандар
Какематов Зайдик
(1932-19__ )
Нарын районунун Ийри-Суу айылында туулган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери (1987)
1953-жылы Нарындагы мугалимдер институтун бүтүргөн 1963-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн. 1948-жылдан Нарын районунда мугалим, комсомолдун обкомунда бөлүм башчы, колхоздо партком, Кыргызстандын КП Нарын райкомунун бөлүм башчысы, 2-катчысы, Тогуз-Торо Райаткомунун төрагасы, колхоздун башкармасы, Нарын райондук кинофикация инспекциясынын директору болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, «АрдакБелгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Биз сыймыктанган инсандар
Мусаев Мурадил Сейдакматович
Туулган жери: Нарын району Ийри-Суу айылы
Жашаган жери: Нарын району Ийри-Суу айылы
Туулганжылы: 1960-жыл 29-январь
Улуту: Кыргыз
Үйбүлөлүкабалы: Эки бала, бир кыздын атасы
Билими:1966-1976- жылы Ийри-Суу мектебин аяктаган
1977-жылы айылчарбаинститутунатапшырып 1982-жылы бүтүргөн
1984-1988-жылдары жылкы ферма болуп иштеген
1988-1991-жылдары зоотехник болуп иштеген,
2016-2017-жылдары Ийри-Суу айылындагы мечитке имам болуп дайындалган.
Биз сыймыктанган инсандар
Садыкова Керез Абдыбековна
Кыргыз Республикасы
Нарын облусу, Нарын району
Орто-Нура айылы
Моб.тел: +996 709 445354
+996551051967
Туулган күнү, айы,жылы: 5.05.1967
Жарандыгы: Кыргыз Республикасынын жараны
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлү, 6 баланын энеси
Билими: Атайын орто 1982-85-ж.ж.
Фрунзедеги авто-жол техникуму, бухгалтер адиси
Иш тажрыйбасы: 13.10.1985-29.09.1986-ж.ж. Нарын кийим тигүүчү
фабрикасы, экономист.
15.11.1986-01.02.1992-ж.ж. Тянь-Шань району
Жданов атындагы колхозунун бухгалтери.
15.01.1993-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чет-Нура
айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы.
Жетишкендиктер: Чет-Нура айылдык кеңешининде 1994-1999-ж.ж.
депутат
Чет-Нура айылдык кеңешинде 1999-2004-ж.ж.
депутат
Чет-Нура айылдык кеңешинде 2004-2008-ж.ж.
депутат
Нарын облустук ”Аялзат” борборунун “Жылдын
мыкты айымы “- наамы 2002-жыл
Нарын облустук мамлекеттик админстрациясы
“Мыкты муниципалдык кызматкер” наамы 2008-жыл
Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин
”Ардак Грамотасы”-2009-жыл.
Нарын райондук мамлекеттик
администрациясынын ”Ардак Грамотасы” -2011-жыл
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз
алдынча башкаруу боюнча Улуттук Агенттигинин
“Муниципалдык кызматтын отличниги” төш
белгиси- 2011-жыл
Чет-Нура айылдык кеңешинин “Ардак Грамотасы
“ 2012-жыл
“Муниципалдык кызматтын 1-класстагы
кеңешчиси“ чини 2012-жыл
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Кадр
кызматынын ”Ардак Грамотасы”-2013-жыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эне
Данкы” медалы менен 2013-жылы
Нарын районунун “Ардактуу атуулу “ наамы
2014-жыл
Нарын облустук администрациясынын “Ардак
Грамотасы “-2015-жыл
Нарын райондук мамлекеттик
администрациянын “Ыраазычылык каттары”,
Куттуктоолору.
”Теңир-Тоо Айымдары” медалы 2015-жыл.
“Асылзат–Нуру” төш белгиси,”Айыл чарба
профсоюзуна 100-жыл” төш белгиси 2019-жыл
сыйлыктарына ээ болгон.
Тилдерди билүүсү: Кыргыз тили – эне тил
Русский – свободно
Английский – базовый
Компьютер менен
иштөөсү: Microsoft Word.
Хоббиси: Китеп окуу
Биз сыймыктанган инсандар
Асанакунов Асхат Асанкадырович
Телефон: +996 555 334 004
Е-mail:
Туулган жылы 05.12.1986ж.
жана жери Нарын облусу Ийри суу айылы.
У луту К ыргыз
Үй бүлөлүк абалы Үйлөнгөн, бир баласы бар.Билими Жогорку, Нарын мамлекеттик
университетинин, Дене тарбия факультетин
2004-2009 жылдары . аяктаган.2011-2017 И. Арабаев атындагы университетин,
Экология факультетин аяктаган.Билген тилдери: кыргыз, казак, орус тилдерин эркин колдонот .
Сыйлыктары грамота, төш белгилер менен сыйланган.
Эмгек жолу:2005-2007 ж. Нарын шаарындагы спорт мектебинде Воллейбол боюнча тренер болуп иштеген.
2008-2009 жылдары ЖЧК “Байзак Аска” ишканасында контролер болгон.
2010-201 1 жылдары “Ак Шумкар” саясий партиясынын Нарын районунун координатору болуп иштеген.
201 1-2013 жылдары Нарын облустук администрациясында губернатордун орун басарынын жардамчысы
болгон.
2016 жылдан баштап ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана президентине
караштуу иш башкармалыгынын кызматкери.
2013-2016 жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министринин орун басарынын жардамчысы болгон.
Биз сыймыктанган инсандар
Ленарова Айжаркын Маратбековна
2002-жылы 3-мартта Нарын облусунун Нарын районундагы Ийри-Суу айылында туулган.
2008-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 2019-жылы жалпы республикалык тесттен Нарын району боюнча эң жогорку 203 балл алып, окууну артыкчылык менен аяктаган.
Бул жылдар аралыгында окуудагы жетишкендиктери үчүн бир канча диплом, Ардак грамоталар менен сыйланган.
2015-жылы Дүрбөлөң Мамбетовдуун жаркын элесине арналган физика сабагы боюнча райондук олимпиадада II даражадагы диплом;
2017-жылы Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын райондук турунда физика сабагы боюнча I орунду ээлегендиги үчүн Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы;
2018-жылы Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук турунда III орунду ээлегендиги үчүн Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Ардак грамотасы;
2018-жылы Жогорку билим деңгээлин көрсөткөндүгү үчүн С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин грамотасы;
2018-жылы Жетишкен ийгиликтери үчүн Ала-Тоо Эл аралык Университетинин сертификаты;
2018-жылы Окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин Ардак грамотасы;
2018-жылы предметтик олимпиададагы жетишкен ийгиликтери үчүн Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
2018-жылы Д.Мамбетовдун атына уюштурулган физика предмети боюнча райондук олимпиадада I даражадагы диплом;
2018-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин стипендианты.
2019-жылы Райондук предметтик олимпиадада I орунду ээлегендиги үчүн Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы;
2019-жылы Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук турунда I орунду ээлегендиги үчүн Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Ардак грамотасы;
2019-жылы Облустук олимпиадада көрсөткөн мыкты билими үчүн С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы;
2019-жылы Мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасында IV орунду ээлегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаты;
2019-жылы Нарын облусунун губернаторунун стипендианты;
Азыркы учурда Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин, финансы жана кредит бөлүмүнүн студенти. Бир катар студенттик, интеллектуалдык, лидердик клубдардын мүчөсү, ыктыярчы.