Наш профиль

Наш профиль

          • Асылбеков Сатыгул Касымович

            Асылбеков Сатыгул Касымович 1950-жылы 22-февралда Нарын районундагы Чет-Нура кыштагында туулган. 1956-жылы биринчи класска кирип 1966-жылы Жданов мектебин бүтүргөн. 1966-1970-жылдары Пржевальск шаарында окуп “математика” адистигин алган.

            1970-1971-ж. чейин “Жданов ” орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1971-1972- жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1987-2002- жылга чейин Ийри-Суу орто мектебинде директор, 2002-2008- жылга чейин математика мугалими болуп иштеп 2008-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыккан.

            1988-1989-жылдары коомчулукту,ата-энелерди, мугалимдерди уюштуруп Ийри-Суу орто мектебин ашар жолу менен куруп ишке берилүүсүнө жетишкен.

            Сыйлыктары:

            1. РайОНО, ОблОНО, райондук, облустук администрациялардын ардак грамоталары
            2. 1984-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси
            3. 1987-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими” ардак наамы
            4. 2011-жылы Нарын районунун ардактуу атуулу наамдарына жетишкен

            Сегиз уул-кыздын ардактуу атасы

          • Устаттар

          • Асанкулова Мазира Көчөровна

            Мен Асанкулова Мазира Көчөровна   1972-жылы 26-июлда Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районунун Казан-Куйган айылында  жумушчу-кызматкердин үй-бүлөсүндө туулгам. 1979-жылы Оттук орто мектебине мектепке кирип, орто билимди артыкчылык менен бүтүргөм.

            1991-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетке тапшырып, Педагогика адистигин бүтүргөм. Эмгек жолумду Бишкек шаарындагы Бектурсун Алымов атындагы №39 орто мектептен баштап, 1996-жылы “Жаш мугалим” конкурсуна катышкам. Өз кесибимди сүйүп, башталгыч класстын мугалими андан соң башталгыч билим берүү секциясына жетекчи болуп эмгектендим. Он жыл үзүрлүү эмгектенип, 2003-жылы Бишкек шаарындагы №7 орто мектепте методикалык кеңештин төрайымы, директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп 5 жыл иштедим. Тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында 2005-жылы “Мыкты мугалим”,  2006-жылы “Мыкты класс жетекчи” номинациядагы шаардык конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишип, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү, Илим жана жаштар саясаты министрлигинин “Ардак грамотасы”  менен сыйландым.

            2008-жылы Нарын районуна караштуу  Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектепке директордук кызматта иштеп, мектепке педагогикалык-методикалык жактан мугалимдердин билимин көтөрүүдө инсанга багытталган окутуунун элементтерин окуу процессине киргизүү менен алгылыктуу иштерди алып барып, райондук, өрөөндүк семинарларды өтүүдө мектеп коллективи менен бирге ийгиликтерди жараттык.

            2010-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим  министрлигинин “Эл агартуунун отличниги”  төш белгиси менен сыйландым.

             2014-жылы мен жетектеген мектеп райондук “Мыкты мектеп” конкурсуна катышуу менен байгелүү орунду камсыз кылды.

            2014-жылдын 1-сентябрынан баштап Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Педагогика жана окутуунун технологиялары” кафедрасында окутуучу, кийин ага окутуучу болуп иштеп, эмгек жолумду улап келем.  Университетте да методикалык жактан студенттерге билим берүүдө ийгиликтерге жетип, студенттерди конкурстарга катышууга даярдап, алдыңкы орундарды камсыз кылып келебиз.

            Ошондой эле билим менен кошо илимий ишти колго алуу менен “Педагогиканын магистри-2016, 2019-жылы аспиратуранын бүтүрүүчүсү болуп, азыркы учурда кандидаттык илимий ишимди жактоонун алдында турам.

          • Алымбаева Батмабүбү Тилеевна

            Алымбаева Батмабүбү Тилеевна 1949-жылы 14-майда Ийри-Суу айылында туулган. 1965-жылы Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебин бүтүргөн.1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик “кыз келиндер” институтун бүтүргөн.

            1972-жылы Кыргызстан ЛКЖС нын 18-съездине делегат

            1989-жылы Чет-Нура айылдык кенешинин депутаты

            Оку тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп да иштеген

            Сыйлыктары:

            РайОНО нун, ОблОНО нун грамоталары

            2000-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси

            “Эне данкы” орденинин ээси

            жети уул-кыздын ардактуу апасы.

          • Алыбаева Масылкан Баркалбасовна

             Алыбаева Масылкан Баркалбасовна  1961-жылы 21-декабрда Ысык-Көл

            областынын Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылында төрөлгөн.

            Орто мектепти 1979-жылы аяктап Прежевальск шаарындагы педагогикалык окуу жайына кирип.1982-жылы аяктап, эмгек жолумду башталгыч класстар  мугалими болуп иштөө менен баштагам.Окуумду В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунда  улантып, 1990-жылы аяктаган.

            Эмгек жолумду Жданов  атындагы  Орто-Нура мектебинде, андан кийин Ийри-Суу орто мектебинде иштеген.

            Эмгек стажысы 33-жыл.

            Сыйлыктары:                          

            РайОНОнун, ОблОНОнун, Райондук, Олустук администрациясынын грамоталары

            “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси

            Учурда ардактуу эс алууда

          • Асанакунова Турганбүбү Мамытова

            Асанакунова  Турганбүбү Мамытовна 1952-жылы 16-октябрда  Ат-Башы районунун  Бирлик айылында туулган.1982-жылы Пржевальск мамлекеттик  педагогикалык  институнун “ Башталгыч   класстардын  педагогика жана  методика адистиги ” боюнча окуп, 1987-жылы бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун  Нарын районунун  Ийри-Суу айылынын  Муса Байдөлөтов атындагы орто мектепте баштаган. Мектеите 30 жыл иштеп, 2001-жылы ардактуу эс алууга кеткен.

                                Үй бүлөөдө жети баланын сүйүктүү апасы, 4 кыз, 3 эркек, 22 небере, 2 чөбөрөнүн таэне, чоң энеси.2012-жылы “ Баатыр эне ”, статусуна ээ болуп, мамлекет  тарабынан орден берилген.

                            Көптөгөн сыйлыктардын ээси:

             Райондук, областтык жана башка МНО нун граматасы,” Эл агартуунун отличниги” , 2014-жылы КР нын ардактуу айымы төш белгисинин ээси.

          • Бейшеева Турсун

            Бейшеева Турсун 1948-жылы  28-сентябрда Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. 1966-жылы 11-классты Рыбачы шаарында окуп бүтүргөн. 1966-1968-жылдары Фрунзедеги №3 техникалык институтун бүтүргөн.

            1969-1987-жылдары Тянь-Шань районундагы Жданов Мектебинде Эмгектенген. Бул аралыкта Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1987-2003- жылдары Нарын районундагы Ийри-Суу орто мектебинде эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан.

            Сыйлыктары:

            1. РайОНО нун, ОблОНО нун, райондук, областык администрациясынын грамоталары
            2. 1999-жылы “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси

            Сегиз уул-кызды тарбиялап “Баатыр-эне” төш белгисин алган

            2011-жылы 13-мартта  дүйнөдөн кайткан

          • Бейшенбаева Апал Ибраевна

            Бейшенбаева Апал Ибраевна1963-жылы 28-февральда Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. Окууну аяктагандан кийин КГУ университетинин математика адистигин бүтүргөн. 32 жылдык эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

            Сыйлыктары:

            РайОНО нун, ОблОНОнун, Райондук , Областтык администрациянын грамоталарын алган.

            “Эл агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси

          • Бексултанов Бейшеналы Бексултанович

            1955-жылы 25-апрелде Нарын районунакараштууИйри- Суу айылында туулган. 10-классты бүткөндөн кийин Советтик армиянын катарында эки жыл кызмат кылып келген.

               1976-жылы эмгек жолун лаборант болуп иштөө менен баштаган. 1977-жылы дене тарбия  институтуна сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 1982-жылы аяктаган.1976-жылдан 2014-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. Эмгек стажысы 38 жыл.

            Сыйлыктары:

            Райононун, облононун, райондук жана олблустук администрациясынын  профсоюздук граматалары менен сыйланган.

                Билим берүү министринин граматасы  менен сыйланган.”Эл агартуунун отличнтги” төш белгиси менен сыйланган. Нарын районунун “ Ардактуу атуулу” наамын алган.

          • Бүбүсара Маликова

            Билим берүүнүн отличниги Бүбүсара Маликова 1961-жылы 18-мартта Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында  туулган.1979-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайды ,1988-жылы Владимир Маяковский атындагы Кыз-келиндер  педагогикалык  институтту бүтүргөн.1979-жылдан тарта 2004-жылга чейин  Ийри-Суу орто мектебинде башталгыч  класстардын мугалами катары эмгектенген. 25 жылдык эмгек жолунда жүздөгөн жаш жеткинчектерге тамга таанытып, билимдин эшигин ачкан.

                  Билим берүү тармагындагы жигердүү аракети жана кошкон салымы үчүн ардак граматалар менен сыйланган.2004-жылы болсо Билим берүүнүн отличниги деген жогроку даражалуу наамга татыган.

                  Бүбүсара Маликова 2004-жылы 12-декабрда жарык дүйнө менен кош айтышкан.

          • Олжобаева Жыпара Муталиповна

            Олжобаева Жыпара Муталиповна 1973-жылы 2-февральда Нарын районундагы Дөбөлү айылында туулган. 1980-жылы В.И.Ленин атындагы орто мектепке кирип 1990-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1990-жылдан1996-жылга чейин Бишкек шаарындагы Гуманитардык Университетинин филалогия факультетин окуп бүтүргөн.

            Эмгек жолун Бишкек шаарында баштаган.

            2019-жылы пенсияга чыгып 2020-жылы Бишкектеги ОТК  Илим Нур борборунда кыргыз тили мугалими

            Сыйлыктары:

            РайОНОнун, ОблОНОнун, райондук,олустук администрациясынын грамоталары менен сыйланган

          • Өмүрова Анипа

            Өмүрова Анипа 1951-жылы 5- январда Нарын районундагы Эмгекчил айылында туулган.Орто  мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз келиндер  педагогикалык институна тапшырып 1971-жылы физмат факультетин аяктап “ физика” мугалими адистигине  ээ болгон. 1972-жылы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн  айылындагы  М.В.Ломоносов орто мектебинде физика мугалими болуп иштеген. 1973-жылы  Ийри-Суу айылына турмушка чыгып, Ийри-Суу орто мектебинде физика мугалими болуп иштедим. Пенсияга чыкканга чейин ушул мектепте 30 жыл иштеген

                      Мектепке Муса Байдөлөтов ысымын берип көптөгөн мугалимдер иштеп, уядан көптөгөн окуучуларды  тарбиялап  чыгарды.Мектепте 1983-жылдан  2002-жылга  чейин  окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Талыкбай эмгектенгендиктен ишин  баалап “ Эл агартуунун отличниги”  бир нече “ Ардак грамоталарды”, “ Социалисттик  мелдештин жеңүүчүсү” медалдары сыйлыктарын алган. Алты  баланын энеси. 4 уул, 2 кызы бар.

          • Садыкова Шайкүл Шүкүрбековна

            Садыкова Шайкүл Шүкүрбековна 1961-жылы 8-январда Нарын районуна караштуу Ийри-Суу айылында төрөлгөн. 1978-жылы 10-классты бүтүрүп ТУУ-12 швея тигүүчү моторист адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1979-жылы Витбек Индустриалдык пед. техникумга жолдомо менен кеткен. 1984-1996-жылдары ТУУ-88 де мастер мугалим болуп эмгектенген.

            200-жылы Ийри-Суу айылында Муса Байдөлөтов мектебинде эмгек, музыка мугалими болуп эмгектенип, окуучуларды “Жаш-талант”, “Сулуулар ” конкурстарына даярдап көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

            Нарын райондук билим берүү жана Нарын облустук билим берүүнүн грамоталары менен сыйланган

          • Токтобекова Сурма

            Токтобекова Сурма 1953-жылы 6-февралда Кочкор районуна караштуу Орток айылында туулган.

            8-классты аяктагандан кийин Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырат.

            1972-жылдан тарта Ийри-Суу орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген

            1990-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун сырттан окуп бүтүргөн

            Эмгек стажысы 30жыл

            РайОНОнун, ОблОНОнун ардак грамоталары  бар

          • Токтомушова Чынара Тукешовна

            1961-жылы 16-ноябрь Нарын шаарында туулган.1978-жылы  Нарын шаарындагы №2 В.П Чкалов атындагы орто мектебин бүтүргөн.Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы мамлекеттик университеттин  орус филология  факультетинин 1- курсуна  студент болгон.

            1979-жылы Фпунзе шаарында жаны  орус  тили жана адабияты институту ачылып, мамлекеттик университетинен  жаңы ачылган  окуу борборундаорус тили  филологиясынан  студенттер  уюмунун  ошол жерде окуп калат.

            1983-жылы БГУну бүтүргөн.

            Ийри-Суу айылында 1989-жылдан баштап орус тили жана адабияты  мугалими болуп иштеп жүрдү.

            Эмгек стажысы 30 жыл.

            Сыйлыктары:

            Райондук, Облустук граматалар, “ Эл агартуунун отличниги” төш белгиси бар.

            Учурда ардактуу эс алууда

          • Түүлекеева Жаркын

            Түүлекеева Жаркын Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1951-жылы 10 – январда төрөлгөн.10- классты бүтүрүп  Наран педагогикалык  окуу жайына тапшырат.1970- жылы Пржевальскидеги мамлекеттик  педагогикалык институнун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырат. Эмгек жолун Нарын районундагы Ийри- Суу орто мектебинде башталгыч класстын мугалиими болуп ишеп баштаган.Эмгек стажысы 35 жыл.

            Сыйлыктары:

            РайОНОнун, ОблОНОнун, Райондук, Областык администрациянын грамоталары

            2016-жылы “Кыргыз Республикасынын Ардактуу айымы”

            2019-жылы “Насаатчы” төш белгиси

            Учурда ардактуу эс алууда