Наш профиль

Наш профиль

        • Энелер мектебинин жобосу

        • ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН 

          ЖОБОСУ.

          Максаты:

          Балдардагы бардык жакшы сапттардын көпчүлүгү энелерден өткөнүн эске алып, айыл жериндеги энелерге үй – бүлөдө балдарды мектепке даярдоо, аыл – эс, адеп – ахлактык тарбиясы жөнүндө алгачкы педагогикалык маалымат берүү.

          • Үй – бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу .б. таанып – билүүго, билим алууга зарыл сапаттарынын калыптандыруунунэн жөнөкөй жолун, ыкмаларын үйрөнүү.
          • Энелерге, айрыкча жаш энелерге – балдарды тарбиялап – остурүүго кызыгууну жоопкерчиликти ойготуу.

          Азыркы шартта көпчүлүк балдардын (90%) балдар бакчасына барбагандыгын эске алып,балдардын мектепке чейинки даярдыгын үй – бүлөдө толтурууга аз да болсо энелерге  көмөктөшүү.

          1. Эне мектебинин түзүлушү.
          • Эне мектеби, ЗБМИС – эксперимент рамкасында, илимий – педагогикалык проблемалык лаборотория корутундусу негизинде мектеп базасында ачылат.

          Алгач биринчи класска балдары келе турган энелер кабыл алынат. Бирок булардан тышкары да каалоочулар жобо шартын аткарса катышуусу мүмкүн. 5 – класс, жалпы эле мектепке келген жаны окуучулардын энелери окуудан өтөт. Жаны окуу жылыдан балдары биринчи класска келе турган бардык энелер үчүн “Эне мектебинен” даярдыктан отүү милдетүү.

          • “Эне мектеби” жобосу жана окуу программасы түзулуп, райондук билим берүү бөлүмүнөн бекитилет жана гимназия, мектеп, балар бакчасынын директорунун буйругу менен ачылат.
          • Окутууу тездетилип, кыскартылган жана кенейтилген программа менен өтүлүүсү мүмкүн. Атйын журналда мектеп угуучулары, өтүлгөн темалар катталып барылат. “Эне мектебиндеги” окуу экзамен менен жыйынтыкталып атайын үлгүдөгү күбөлүк (справка ) берилет.
          1. Эне мектеби” ишмердүүлүгүнүн башкы багыттары жана мазмуну.
          • Машыгуулар атайын программа негизинде отулөт.
          • Бала тарбиялоодо эненин милдетин жана ролун түшундүрүү.
          • Билим баалуулугу,
          • Энелердин өздөрунүн үй – бүлөлөрүндо балдарга татыктуу таалим – тарбия берүү, мектепке балдарды даярдоо жөнүндө билим – маданият денгээлин көтөрүү.
          • Балдары психо – физиологиялык, интеллектуалдык өсүү закон ченемдүүлүктөрүн үйрөнүү.
          • Окуучулардын метепке даярдыгынын айрым проблемаларын анализдеп, кыйын абалдан чыгуу боюнча иш – чаралады түзүү, проблемаларды чечүү жолдорун үйронүу.
          • Дүйнөлүк жашы тажрыйбаны үйрөнүп, чыгармачылык менен пайдалануу жолдорун иштеп чыгуу.
          • Дене боюн, акыл – эсин, сезимин, адамгерчилик асыл сапаттарын өстүрүүнүн методикасын үйрөнүп, сынактан откөрүү.
          • Элдик педагогиканы үй – бүлө тарбиясында пайдалануу.
          • “ Мыкты үй – бүлө,” “Үлгүлүү эне ” тажрыйбасын үйрөнүү.
          • Балдарды ар тараптууу остүрүүчү уюштуруу методикасын оздөштүрүү.
          • Даарыгер, тарбиячы, “Мыкты эне”, “Мыкты окуучу” ж.б.лар менен жолугушууу.
          • Кинофильмди, көркөм адабиятты.ю турмуштук түрдүү ситуацияларда анализдөө, талкуу уюштуруу.
          • “Мыкты эне”, “Мыкты үй – бүлө конкурстары ” өткөрүлөт.

          3. “Эне мектебинде” өтүлүүчү машыгуулардын түрлөрү.

          • Ангеме; - жолугушуу пикир алышуу
          • Лекция; - амалиаттык иштер
          • Диспут – дискусия; - реферат, билдирүү, доклад, сөчинение жазуу
          • Ролдоштуруу, конкурс.

           

           

           

           

           

          Мектепке чейинки балдардын жана болочок энелердин мектебинин программасы.

          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. 1-3жашка чейинки балдардын психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоо жолдору.
          2. 3жашка чейинки бадарды тарбиялоонун багыттары, мааниси жана ыкмалары.
          3. Тарбиялоонун принциптери.
          4. 3-7жашка чейинки балдардын психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү, бул жаштагы балдарды тарбиялап өстүрүүнүн метод, ыкмалары.
          5. Мектепке чейинки балдардын сезим, акыл – эс, дене –бой тарбиясынын өзгөчөлүгү.
          6. Бул жаштардагы балдардын физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөру.
          7. Балдарын сүйлөө кебинин өсүүсү жана акыл –эс жөндөмдүүлүгү.
          8. Табигаттын таасиринде балдарды тарбиялоо.
          9. Балдар эмгек жана эс алуу режими.
          10. Бул жаштагы балдардын тамактануусу, ден –соолугун чындоо.
          11. Оюндун балдардын рухий, интеллектуалдык өсүүсүндөгү мааниси.
          12. Энелердин билим маданияты, инсандык сапаттарынын балдардын тарбиясы үчүн мааниси.
          13. Үй – бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, көнүл бөлүү, түшүнүү, эстеп калуу ж.б. жөндөмүн өстүрүү.
          14. Эркин суроо –жоопко катышууга даярдоо.
          15. Айлана –чөйрөнү коргоо, таанып –билүгө багыт берүү.
          16. Балдар үчүн зарыл оюндардын түрлөрү, аларды уюштуруу үйрөнүү методикасы.
          17. Өздүк гигиена тазалыкка тарбиялоо.
          18. Бала тарбиясындагы мүнөздүү каталыктар жана алардын себептери.
          19. Жомок, табышмак, макал –лакаптарды үй – үлө тарбиясында пайдалануунун мааниси.
             

           

           

           

           

           

           

           

          \

           

           

           

           

          1-2-класстын энелер мектебинин программасы

           

          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Энелер мектебинин максаты, мааниси.
          2. 6-9 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү. Алардын физикалык жана психикалык өсүүсү.
          3. Ата – энелер үчүн сунушталган педагогикалык адабияттар жана аларды пайдалануу
          4. Балдарды мектепке, китепке, мугалимге урмат-сый, кызыгууга тарбиялоо
          5. Үй-бүлөдөгү моралдык-психикалык климат жана анын балдардын өсүүсү үчүн мааниси.
          6. Балдардын этикалык нормаларды өздөштүрүүсү жана мында ата-энелердин ролу. Балдарды туура тарбиялоонун тажрыйбасын үйрөнүү.
          7. Балдарды өзүн-өзү тейлөөгө, өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтүүнүн башталысы.
          8. Баладардын акыл-эмгеги, жөндөмүнү өстүрүү.
          9. Үй тапшырмасын аткаруусун уюштуруу жана контролдоо.
          10. 7-9 жаштагы балдардын үй-бүлөдөгү эс алуу, тамактануу, ойноо, эмгектенүү, өзүн-өзү өстүрүү ж.б. турмушун туура уюштуруу.
             

           

          3-4-класстын энелер мектебинин программасы

           

          Тема

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Үй – бүлөдө тарбиялоонун багыттары.
          2. 9-11 жаштагы балдардын өсүү жана тарбиялануу өзгөчөлүктөрү.
          3. Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.
          4. Эмгекчилдик, тырышчаактыкка тарбиялоо.
          5. Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү.
          6. Балдардын үй-бүлөдө эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабактарга даярдануусун уюштуруу.
          7. Бул жаштагы балдарга сунушталган адабий китептерди таап, чогуу окууну уюштуруу.
          8. Табигатка, айлана – чөйрөгө туура мамиле кылууга тарбиялоо.
          9. Дене – тарбиясы, санитария, гигиеналык тарбия.
          10. Акыл – эмгегини, өз алдынча билим алуусун уюштуруу.
             

           

           

           

          5-6 класстын энелер мектебинин программасы


          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Энелер мектебинин максаты, мааниси.
          2. 12-13 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун методдору.
          3. Тарбиялоонун багыттары.
          4. 12-13 жаштагы балдар үчүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.
          5. Бул балдардын үй – бүлөдөгү эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабакка даярдануусун уюштуруу.
          6. Балдарда туура каалоо, кызыгуу жана керектөөну тарбиялоо.
          7. Нерв ооруулары жана баш ооруунун алдын алуу.
          8. Өзүн – озү өстүрүүгө жана өзүн – өзү тарбиялоого үйрөтүү.
          9. Эмгекчилдикку, тырышчаактыкка, жоопкерчиликке тарбиялоо, тарбиялоонун методдору.
          10. Үй тапшырманы аткаруу жана өз алдынча аткаруусун көзөмөлдөө.
             

           

          7-8 класстын энелер мектебинин программасы


           

          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Тарбия баалуулугу.
          2. 14-15 жаштагы балдардын үй – бүлөдө эс алуу, эмгектенүү, сабак даярдоосун уюштуруу.
          3. Бул балдардын жаш озгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун өзгөчөлүгү.
          4. 14 -15 жаштагы балдар учүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.
          5. Балдарды билимге, кызыгуу, умтулуу жана өз алдынча билим алууга тарбиялоо.
          6. Бала тарбиясындагы ата-эненин жеке үлгүсү.
          7. Эрктүүлүк, эмгекчилдик, тырышчаактыкка, сөздүн өтөсүнөн чыгууга тарбиялоо.
          8. Өзүн-өзү өстүрүүгө, өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтүү.
          9. Балдардын өз алдынчалыкка умтулуусун сыйлоо, урмат жана талапты айкалыштырып тарбиялоо.
          10. Акыл эмгшегинги, өз алдынча билим алуусун уюштуруу.
             


           

           

          9-10-класстын энелер мектебинин программасы.


           

          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Ата –энелердин педагогикалык маданияты жана мааниси.
          2. 16-17 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү.
          3. Үй –бүлөдө балдарды тарбиялоонун принциптери.
          4. Туура дүйнө көз караш жана ынаным тарбиялоо.
          5. Эстетикалык, этикалык тарбия.
          6. Өзун-өзү тарбиялоо, өстүрүүгө багыт берүү. Укук бузуу кылмыштуулуктун алдын алуу.
          7. Эл жерин сүйүүгө досторду, чөйрөнү туура тандоого жана туура мамиледе болууга үйрөтүү.
          8. Ымала маданиятына, тартипке үйрөтүү.
          9. 16-17 жаштагы балдарга сунушталган адабий китептер жана аларды чогуу окуу.
          10. Бул жаштагы балдар жана кыздарды тарбиялоонун методтору жана өзгөчөлүктөрү.
             

          11-класстын энелер мектебинин программасы.


           

          Тема:

           

          Өтүү мөөнөтү

          Өтүлгөн мөөнөтү

          1. Ата – энелер үчүн сунушталган педагогикалык адабият жана аларды пайдалануу.
          2. 18 жаштагы балдардын мектеп, устат, мугалимдерге урмат, жоопкерчилик тарбиялоо.
          3. 17-18 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоо өзгөчөлүгү.
          4. Үй – бүлөдөгү тарбиялык сабактар, “Дасторкон четиндеги университет”
          5. 17-18 жаштагы балдарга кесипти туура тандоо, элди, жерди сүйүүгө тарбиялоо.
          6. Ой өрүшү кругозорун өзтүрүү.
          7. Адамгерчилик, ыймандуулук, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялоо. Улуу инсандардын үлгүсүндө тарбиялоо. М: И.Раззаков
          8. Максат, план, режим менен иштөөгө өз алдынчалыкка, сөзүнүн өтөсүнөн чыгууга тарбиялоо.
          9. Ата-энелердин жана чоңдордун үлгүсү. Анын тарбиялык таасири.
          10. Сабакка, экзамендерге, ЖРТга туура даярдануу, убакытты пайдалануу, ишмердүүлүгүн уюштурууга тарбиялоо.