Наш профиль

Наш профиль

          • Насаатчылык

          • __Насаатчылык.docx1111.docx

            Насаатчылык – педагогикалык тажрыйба менен бөлүшүүнүн  бир формасы болуп саналат. Анын жүрүшүндө ишмердигин жаңы баштаган же колдоого муктаж педагог усулдук ыкмаларды устат педагогдун жетекчилигинин алдында иш жүзүндө өздөштүрөт.

            Насаатчылык бул кесиптик мамилелердин модели. Мындай моделде тажрыйбалуу мугалим  менен жаш мугалимдин, мугалим менен окуучунун, мугалим менен мектеп администраторунун ортосунда өзгөрүп турган билим берүү мейкидигинин жаңы шарттарына ылайыкташуу процессиндеги шериктештик божомолдонот.

             

            Насаатчылыкты уюштуруу

             

            • Насаатчынын талапкерлигине усулдук бирикменин тажрыйбалуу педагогдордун арасынан сунушталат. Директордун орун басары менен макулдашылып, мектептин директорунун буйругу менен бекитилет.
            • Насаатчынын ишин мотивациялоо  үчүн эмгек акы фондунан маяна төлөнөт.
            • Насаатчынын жаш адис менен алып баруучу ишинин планы түзүлөт.
            • Жаш адистин кесиптик өнүгүүсү боюнча ишинин планы планы түзүлөт.
            • Насаатчылыктын натыйжалуулугунун критерийлери түзүлөт.
            • Зарылчылыгына жараша насаатчылар кеңеши түзүлөт.
            • Администрация менен Насаатчылар кеңеши тарабынан  насаатчылардын ишине көзөмөл жүргүзүлөт.

             

             

             

             

            Насаатчылар кеңешин уюштуруу.

                    Мектепте насаатчылардын саны (7-9 адам) жетиштүү болгон учурда аларга усулдук жетектөөнү ишке ашыруу үчүн коомдук башкаруу органын  - Насаатчылар кеңешин түзсө болот. Насаатчылар кеңешинин курамы мектептин педагогикалык аныкталат жана директордун буйругу менен бекитилет. Ага директор өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

                    Насаатчылар кеңеши өз ишин мектеп администрациясы жана аттестациялык комиссия менен макулдаштырып турат.

                    Насаатчылар кеңешинин биринчи чогулушунда башчы, анын орун басары шайланып, кеңештин мүчөлөрүнүн арасында милдеттер бөлүштүрүлөт. Насаатчылар кеңеши өз чогулуштарын чейрек сайын өткөрүп турат жана мектептин педагогикалык кеңешинде өз иши боюнча жылына бир жолу отчёт берет.

                    Кеңештин ишинин негизги максаты – мектеп администрациясына насаатчыларды тандоодо, окутууда жардам көрсөтүү жана алардын ишин жөнгө салып турат.

            Насаатчылар кеңешинин функциялары

            • Насаатчыларга коюлуучу бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу.
            • Насаатчылык тажрыйбасын жалпылоо жана жамааттык баа берүү.
            • Насаатчылардын кесиптик даярдыгын жогорулатууну уюштуруу.
            • Насаатчылыктын натыйжалуулугу, усулдук иштелмелерди жана сунуштарды даярдоо менен байланышкан көйгөйлөрдү изилдөө.

            Насаатчылар кеңешинин милдеттери

            1. Насаатчылар резервин тандоого жана жаратууга катышуу.
            2. Насаатчыларга усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү.
            3. Насаатчылардын алдыңкы иш тажрыйбасын изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу.
            4. Чогулуштарда насаатчылардын  жана жаш адистердин аткарган иштери жөнүндө отчётторун угуу.

             

            Насаатчылык процессинде төмөнкү баскычтар(фазалар) бар

            1-баскыч. Биргелешип пландаштыруу үчүн жолугушуу

            Бул баскычта насаатчы менен  жаш адис сабактардын  пландарында аныкталган окуп-үйрөнүү максаттарын талкуулашат, андан кийин сабактарга байкоо жүргүзүү учурунда насаатчы аныкталган көйгөйгө көңүлүн топтойт. Ал ийгиликти баалоо үчүн колдоно турган сабакка байкоо жүргүзүү куралы менен жаш адисти тааныштырышы керек.

            2-баскыч. Байкоо жүргүзүү жана маалымат чогултуу

            Насаатчы пландаштырылган сабакка катышуу учурунда байкоо жүргүзөт жана маалымат чогултат. Ал жаш адисте  өз алдынча сабакка баа берүү мүмкүнчүлүгү болуш үчүн видео – тасмага тартып алса да болот. Алар кайрадан жолугуп, сабакты талдап, талкуулаганга чейин жаш адис өз сабагын көрүп, баа берип, насаатчыга бериш үчүн суроолорун камдам коёт.

            3-баскыч. Биргелешип рефлекциялоо/кайтарым байланыш жүргүзүү үчүн жолугушуу.

            Сабакка катышкан күнү боло турган  талдоо жана сабакка баа берүү үчүн жолугушууда  насаатчы жаш адиске байкоо жүргүзүү учурунда чогултулган, бирок иштеле элек маалыматты берет. Андан кийин насаатчы менен жаш адис аларды бирге талдап, эмнелер ийгиликтүү болду, эмнелер жакшыртууну талап кылат, керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кандай чаралар көрүлүшу керек экенин ж.б. аныкташат.

            4-баскыч. Кыймыл – аракеттердин жаңы планын түзүү.

            Бул баскычта жаңы  максаттар аныкталат жана жаңы стратегиялар талкууланат. Насаатчы жаш адиске каражаттарды (усулдук китептерди, иштелмелерди, колдонмолорду) сунуштайт. Жаш адис аларды жаңы коюлган максаттарга жетүү үчүн колдонот. Насатчынын жаш адис менен болгон ишмердигинин түрмөгү кайрадан бирок, башка деңгээлден башталат.

             

            Насаатчылык жөнүндө жалпы жобо

            1. Жалпы жоболор
              1. Насаатчылык – бул насаатчынын төмөндөгүдөй топтордогу адистерге (мындар ары – “жаш адистерге”) кесиптик  өсүш жагынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүү ишмеридиги.
            • Педагогикалык билим болсо да, билим берүү мекемелеринде педагог катары иштеген  эмгек стажысы топтоло элек жаш адистерге;
            • окуу-тарбия процессинде  кошумча жардамга муктаж болгон адистерге(мугалимдерге)
            • мугалимдик кызматка которулган адистерге аткарган кызмат милдеттерине  карай окутуу усулдары боюнча кесиптик иш билгиликтерин  тереңдетүү талап кылынса;
            • билим берүү мекемелеринде педагогикалык эмгек стажы жок, педагогикалык эмес окуу жайларды бүтүргөндөргө;
            • педагогикалык адистиктер боюнча сырттан/дистанциялык жол менен окуп жаткан студенттерге;
            • мектептерде практика өтүп жаткан окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндөокуган студенттерге.

            Насаатчы – бул предмет жана окутуу усулу жаатында мыкты кесиптик жана  инсандык сапаттарга ээ болгон педагог.

              1. Насаатчылык – жаш адистин педагогикалык ишмердиги үчүн зарыл иш билгиликтерин өнүктүрүү боюнча насаатчынын тутумдуу, жекече иш жүргүзүшү.
              2. Насаатчылыктын укуктук  негизи болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ушул Жобосу, башка мыйзамдык жана ченемдик актылары саналат.

             

            1. Насаатчылыктын максаттары жана милдеттери
              1. Насаатчылыктын максаты – жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар боюнча мүмкүнчүлүгүн бекемдөө.

             

              1. Насаатчынын негизги милдеттери:

             

            • мектеп маданиятына көнүктүрүү, мектеп жамаатынын мыкты салттарын жана адеп ченемдерин өздөштүрүүгө көмөктөшүү;

             

            • жаш адистердин  педагогикалык  ишке дилгирлигин ойготуу жана аларды мектепте алып калуу;

             

             

            • жаш адистин кесиптик өсүшүн камсыздоо, тапшырылган милдеттерди өз алдынча, сапаттуу аткаруу жөндөмүн өнүктүрүү.

             

             

             

            1. Насаатчылыктын уюштуруу негиздери
              1. Насаатчынын талапкерлиги мектептин усулдук бирикмелеринин (МУБ) жыйындарында көрсөтүлүп, мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары менен макулдашылат да, мектеп директорунун буйругунун  менен бекитилет. Насаатчыны  бекитүү жөнүндө буйрук жаш адисти тийиштүү кызматка дайындоодон эки жуманын ичинде чыгарылат.
              2. Насаатчылыкка мектеп директорунун окуу-тарбия  иштери боюнча орун басары жана МУБ башчылары жетекчилик кылат.
              3. МУБ жетекчиси кесиптик даярдыгы жогорку, усулдук  иш жагынан тажрыйбалуу, о.э. беш жылдан ашуун  педагогикалык стажы бар мугалимдердин  насаатчыны дайындайт. Мугалим бир эле убакта экиден ашпаган жаш адиске насаатчы боло алат.
              4. Насаатчы  анын өзү жаш адис макул болгон шартта дайындалат. Насаатчы жаш адиске 3 жыл бою көз салат.
              5. Күндүзгү бөлүмдөрдө окуган студенттерге насаатчыны дайындоо ошондой эле буйрук менен бекитилет жана педагогикалык практика учурунда ылайыктуу айлык акы төлөнөт.
              6. Насаатчы төмөнкүдөй учурларда мектеп директорунун буйругу боюнча алмаштырылат:
            • насаатчы жумуштан бошотулганда;
            • жаш адис же насаатчы башка ишке которулганда;
            • насаатчы менен жаш адис психологиялык  сыйыша албай калганда;
            • насаатчы тартип жоопкерчилигине тартылганда.
              1. Насаатчынын ишинин ийгилиги жаш адистин кесиптик өсүшүнө карай бааланат.
              2. Ишинин ийгилиги үчүн насаатчы шыктандыруу тутумунун алкагында сыйланышы мүмкүн.
              3. Насаатчылардын демилгеси боюнча Насаатчылар кеңеши түзүлүшү мүмкүн.

            IV.Насаатчынын милдеттери

            Насаатчынын төмөндөгүдөй милдеттери бар:

              • билим берүү жаатындагы мыйзамдардын жана жаш адистин ээлеген кызматына жараша укук-милдеттерин аныктоочу ченемдик – укуктук актылардын талаптарын билүү;
              • жаш адистин кесиптик ишмердигине тиешелүү муктаждыктарын аныктап билүү;
              • жыл сайын жаш адис менен биргеликте анын кесиптик өсүш планын иштеп чыгуу; белгилүү мөөнөттө аткарылуучу конкреттүү тапшырмаларды берүү, аткарышына көзөмөл жүргүзүү,  зарыл болгон жардамдарды берүү;
              • жаш адиске сабакты пландап өткөрүүнүн практикалык ыкмаларын жана жолдорун өздөштүрүү жагынан көмөктөшүү,  ишиндеги күчтүү жана начар жактарын аныктап талдоо жана кемчиликтерин жоюу жолдорун белгилөө;
              • жаш адиске мектеп документтерин (календардык, сабактын күнүмдүк, тарбиялык пландарды, окуучулардын өздүк иштерин, окуу журналын ж.б.) тариздөөнү жана жүргүзүүнү үйрөтүү;
              • кызматка киргизүү(мугалимге коюлуучу негизги талаптар, ички эмгек тартибинин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техниканын эрежелери менен тааныштыруу);
              • жаш адистин ишине байланышкан маселелерди  талкулоого катышуу;
              • түзүлгөн планга ылайык иш жүргүзүү, анын аткарылышы тууралуу МУБ жетекчисине өз убагында билдирип туруу.

             

             

            V.   Насаатчынын укуктары

            Насатчынын төмөндөгүдөй укуктары бар:

            • сабактарды, класстан тышкаркы иштерди байкап, талдоо;

             

            • жаш адистен оозеки жана жазуу жүзүндөгү жүргүзүлгөн отчётторун талап кылуу;

             

            • мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын жана МУБ башчысынын  макулдугу менен жаш адисти окутуп үйрөтүүгө мектептин башка мугалимдерин да катыштыруу;

             

            • кесиптик ар намысын жана кадыр –баркын коргоо;

             

            • жаш адис менен иштөөдөн баш тартуу;

             

             

            • насаатчылык жаатында кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.

            VI.  Жаш адистин милдеттери

            Насаатчылык мезгилинде жаш адистин төмөндөгүдөй милдеттери болот:

            1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”мыйзамдарын, өз ишмердигин, мектептин түзүмүн, иштөө өзгөчөлүктөрүн жана функционалдык милдеттерин аныктоочу ченемдик актыларды окуп – үйрөнүү;
            2. насаатчы менен иштешүү планын аткаруу;
            3. өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча дайыма иштөө;
            4. насаатчыдан жаңычыл усулдарды жана иштөө ыкмаларын үйрөнүү;
            5. өзүнүн жалпы билим жана маданий деңгээлин өркүндөтүү;
            6. насаатчы менен бирге иштелип чыккан планга ылайык, өз ишмердиги жөнүндө отчёт берип туруу.

             

            VII.  Жаш адистин укуктары

            Жаш адистин төмөндөгүдөй укуктары бар:

            • насаатчыдан жардам алуу;

             

            • өз ишин жаңыртуу боюнча сунуштарын мектеп жетекчилигинин кароосуна коюу;
            • кесптик ар-намысын жана кадыр –баркын коргоо;

             

            • өз ишине баа берген даттануулар жана башка документтер менен  таанышуу, алар боюнча түшүндүрмө берүү;

             

             

            • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу;

             

            • кесиптип адеп ченемдеринин бузулушуна байланыштуу өзүнүн таламдарын коргоо;

             

             

            • насаатчы менен иштөөдөн баш тартуу.

             

             

             

            VIII. Насаатчынын ишин жетектөө

             

            8.1. Мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын төмөндөгүдөй милдеттери бар:

            • жаш адисти мектептин педагогикалык жамаатына тааныштыруу, ага насаатчынын бекитилгендиги жөнүндө буйрукту жарыялоо;
            • жаш адистин насаатчы менен биргеликте иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү;
            • жаш адис менен насаатчынын өткөргөн айрым сабактарына жана предмет боюнча класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу;
            • насаатчылардын жаш адис менен иштешүү планын түзүшүнө усулдук колдоо көрсөтүү жана практикалык жардам берүү;
            • билим берүү уюмундагы насаатчылыкты уюштуруу боюнча алдыңкы тажрыйбасын иликтөө,  жалпылоо жана жайылтуу.

            8.2Мектептеги усулдук бирикменин жетекчисинин төмөндөгүдөй милдеттери бар:

            • усулдук бирикменин отурумунда насаатчынын иш планын карап чыгуу;
            • насаатчынын жаш адис менен иштешүүсүнө тутумдуу, үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп туруу;
            • мектептеги усулдук бирикменин  отурумунда насаатчынын жана жаш адистин отчётун угуу, мунун натыйжалары менен мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарын тааныштыруу.

             

             

             

        • Насаатчы план

        • Бекитемин: “____”______________-2021-жыл

                                                          Мектеп директору:

                                                        М.С.Асылбекова

           

          Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 2021-2022-окуу жылындагы

          “Насаатчы мугалимдердин кеңешчи тобу”

           

          Төрайымы: Мукамбеткадырова Г.С.

          Мүчөлөрү:  Токтогонова С.К.

                                Исабекова Ж.А.

                                Исаева Алеся

                                Көйкөлова М.С.

                                Алышбаев А.А.

                                Жумалиева Б.Б.

           

           

           

           

          Окуу – тарбия иштери боюнча

          директордун орун басары:                                 Назарбаев Ж.С.

           

           

           

          Текшерилди: ________________________                                                                                                                                                                           Бекитемин:   _____________         

          Окуу бөлүмүнүн башчысы:                                                                                                                                                                                                    Мектеп директору:

          Назарбаев Ж.С.                                                                                                                                                                                                                        Асылбекова М.С.

                                                                                                                                                                                                                               

          Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин насаатчы мугалимдердин кеңешчи тобунун 2021-2022-окуу жылына карата түзүлгөн иш планы

          Аткарылуучу иштер

          Максаты

          Формасы

          Каражаты

          Аткаруу мөөнөтү

          Аткары-лышы

          Ким жооптуу

          1.  

          Насаатчы мугалимдер тобунун иш планын түзүү

          Мугалимдин кесиптик даярдыгын көрүү

          аңгемелешүү

           

          август

           

          Мукамбеткадырова Г.

          НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Мектеп документациялары менен таанышуу жана жаны окуу жылына  максат коюу

          Класстык журналдын толтурулушу, электрондук журнал,күндөлүктөрдү, дептерлерди текшерүү 

          Тегерек стол

          Класстык журнал, күндөлүк

          сентябрь

           

          Мукамбеткадырова Г.

          НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Окуу программалары  жана  предмет боюнча календарлык план түзүү

          Иш кагаздарынын талапка ылайык жазалышын көзөмөлдөө

          Тегерек стол

          Окуу программасы, окуу китеби

          сентябрь

           

          Мукамбеткадырова Г. Назарбаев Ж.С.

          1.  

          Сабактын планынын түзүү жана тема боюнча туура максат коюу

          Сабактын максаттарын коюу, окутуунун интерактивдүү усулдары, сабактын конспектисин жазуунун ар кандай үлгүлөрү боюнча түшүнүктөрдү берүү

          Тегерек стол

          Календарлык план, окуу  жана усулдук  китептер

          дайыма

           

          Мукамбеткадырова Г.

          Назарбаев Ж.С.

          НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Окуучуларды предметтик олимпиадага жана ЖРТга даярдоо

          Окуучулардын бтлти сапатын көтөрүү

          Тегерек стол

          Методикалык материалдар

          дайыма

           

          Мукамбеткадырова Г.

          Назарбаев Ж.С.

          НМКТ мүчөлө

          1.  

           Мугалимдин  өзүнүн предметине карата “өздүк проблемасын” тандоо

          Татыктуу билим берүү менен окуучулардын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүнүн камсыз кылуу

          аңгемелешүү

          Методикалык китептер

          октябрь

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Окуучулар менен иштөө. Кабыл алуусуна жараша топторго бөлүп окутууну өздөштүрүү

          Жеке окуучу жана класс коллективи менен иштөөнүн усулдары боюнча түшүнүктөрдү берүү

          аңгемелешүү

           

          дайыма

           

          Мукамбеткадырова Г. Назарбаев Ж.

          НМКТ мүчөлөрү

          1.  

           Тажрыйбалуу  мугалимдердин сабактарына катышуу

          Тажрыйба алуу жана колдоно билүү

          Сабакка катышуу

          Сабакка катышуу дептери

          Ай сайын

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу

          Окуучулардын активдүү ишмердүүлүгүн уюштуруу: А) жаңы билимди окуп үйрөнүүдө окуу китеби менен иштөө;

          Б) айлана-чөйрө менен байланыштыра билүүсү                            В) тажрыйба жүргүзүү ж.б.

           

           

          Жыл ичи

           

          Мукамбеткадырова Г.

          НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Этикалык, эстетикалык тарбия берүү

          Мектепте өзүн алып жүрүүсү, мугалимдер жана окуучулар менен мамиле түзө билүүсү боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.

          диспут

           

          дайыма

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Окуу процесстеринде окутуунун жаңы технологияларын колдонуу

          Сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу

           

          Жаңы технологиялар

          убагында

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Жаш адистердин жумалыгы: ачык сабактар, методикалык көргөзмөлөр

          Жаш мугалимдин жетишкендиктерин, аракетин таануу

          Ачык сабактар

          көргөзмөлөр

          апрель

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

          1.  

          Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдык көрүү

          Өз алдынча экзамен алууга багыт берүү

          аңгемелешүү

          “Кут билим газетасы”, билеттин суроолору

          май

           

          Мукамбеткадырова Г. НМКТ мүчөлөрү

           

           

           

           

      • Lorem ipsum dolor

        • еще нет данных для отображения