2020-2021-окуу жылында 9-апрель күнү мектептин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоого 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар тартылды. "Эң жакшы" иштеген класс 6-класс деп табылды.
Новости
Тазалык иштери
Башталгыч класстын окуучуларына берилүүчү ысык тамак
Кыргыз Республикасынын мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу максатында БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын жардамында 2014-жылдан бери 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берилип баштады. Ата - энелер тарабынан айына 100 сомдон кошумча акча каражаты чогултулуп, кошумча тамак берилет.
11
Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат.
- 4
23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата мектептин өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөсү Тилекматова Перизаттын уюштуруусунда 5-6-7-8-класстардын окуучуларынын катышуусунда конкурс болуп өттү. 4 топко болунуп Нөшөр, Жамгыр, Чагылган, Шүүдүрүм деген топтор жарышып, жыйынтыгында Жамгыр тобунун кыздар командасы жеңишке жетишти. "Биз эмнеге муктажбыз?", "Эмне үчүн китеп окуш керек?" китептеринин негизинде суроолор түзүлгөн.
Коомчулуктун бала тарбиялоодогу орду
2019-2020-окуу жылында мугалимдер арасында "Коомчулуктун бала тарбиялоодогу орду" деген темада райондук дегээлде конкурс уюштурулуп, Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинен кыргыз тили жана адабияты мугалими Шаршембиев У. катышып, жыйынтыгында 2-орунга ээ болду.
Окуучуларга семинар - тренинг
25-26-февраль 2021-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстын окуучуларына "Келечек жаштардын колунда" деген темада семинар - тренинг болду. Семинар -тренинг проекттин негизинде жүргүзүлүп, Чолпон ата шаарындагы SOS Детский деревня, Бишкек шаарындагы "Молодежный Дом"
Окуучуларга кесип тандоо багытында маалыматтар берилип, ЖТР ге даярдануу жөнүндө да камтылды.
Б. Жакиев "Атанын тагдыры" драмасы
М. Байдөлөтов атындагы орто мектебинде 7-класстардын окуучуларынын аткаруусунда коюлду. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Исаева Алеся
Оңолкандык ролунда - Дүйшөнова А.
Оңолкандын уулу - Алтынбек уулу М.
Келини - Уланбекова Р.
Келиндин уулу- Таалайбек кызы А.
Келиндин кайнатасы - Токтосунов К.