22-апрель 2022-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде "Жашылдандыруу" иштери жүргүзүлдү.
Новости
Жашылдандыруу
- 17
Билим жана китеп
Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде "23- апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө" карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулган конкурска 5-10-класстар катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 6-класстын, 2-орунду 5-класстын, 3-орунду 8-б класстын окуучулары тарабынан тартылган тасмалар ээлешти.
23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
21-апрелде "23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө" карата мектеп китепканачысы Күчүкова Гулзада 8-9-класстар арасында КВН таймашын өткөздү. Мындан сырткары башталгыч класстардын "Окуу керемет" долбоорунун алкагында "Биз жасаган китеп" аттуу көргөзмө уюштурулду.
43
Зордук - зомбулуксуз жашоо - бактылуу муун.
"Зордук - зомбулуксуз жашоо - бактылуу муун" деген темада 2022-жыл 11-апрелде жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы суицид, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту, эрте никеге турууну, рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун катышуучулары: мектеп жамааты, ата - энелер, окуучулар, Нарын районунун акиминин орун басары - Орозказиева А. Ж., Нарын районунун прокурору - Эрмеков Д. Э., Нарын райондук ИИБнин башчысынын орун басары - Ашырбаев Т. А., Нарын районунун имимхатиби - Орозалиев К. А., Нарын райондор аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары - Абылова Г. С., Нарын районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы - Мамбетисаев А., Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти - Абыкеева Р. А. катышышты.
15
Айлана - тегеректи тазалоо иштери
2022-жылдын 9-апрель күнү мекептин айлана-тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлдү.
11
7-апрель "ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 12 ЖЫЛ"
7-апрель "Элдик революциянын 12 жылдыгына" карата эскерүү линейкасы өткөрүлдү. Линейкада тарых мугалими Алышбаев Абдыкадыр революциянын тарыхы тууралуу маалымат берип, Ийри-Суу айылынан революцияга катышкан Муканбеталиев Канат тууралуу маалымат берилип, эскерилди. Элинин бейпил жашоосу үчүн жанын берген эр-азаматтар унутулбайт!!!
1
Кылмыштуулуктун алдын алуу
Жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы суицид, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин мугалимдери Абдраева Н., Исаева С. жана 9-класстын окуучулары Султанкул уулу Белек, Чакиев Айдар, Чыныбек уулу Жеңиш тарабынан тартылды.