Новости

          • Менин үй-бүлөм бул - ....

          • 22-октябрь 2021-жылы "үй - бүлөлүк өз ара мамилени бекемдөө, балдарга болгон сүйүүбуздү билдирүү, үй-бүлөлүк  зордук -зомбулукту, кылмыштуулукту, суицидди болтурбоо,  алдын алуу максатында"  4-класстын мугалими Көйкөлова Мира Садыровна ата-энелерге "Менин үй-бүлөм бул - ..." деген темада тарбиялык маанидеги сабак өттү. 

          • Эсенгул Ибраев атындагы Нарын райондук борборлоштурулган китепканада

          • 21-апрель 2021-жылы тубаса талант, сүрөткер акын Турат Кожомбердиевдин 80 жылдыгына карата 6-класстын окуучулары  өз таланттарын тартуулап келишти. Аткаруу чеберчилиги, активдүүлүгүнө жараша айрым окуучулар китепкананын грамотасы менен сыйланышты.  Класстын жетекчиси - Ишеналиева Асель.

          • "Ата - эне мээрими жана ашкере эркелик" 1-класс

          • "Окуу керемет" долбоорунун негизинде "Бекеттер" стратегиясын кодонуу менен 1-класстын мугалими Сыртбай кызы Айнек "Ата - не мээрими жана ашкере эркелик" деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты: өз оюн эркин , кенен айтууга көнүгүшөт. 

          • Бала менен чымчык.

          • "Окуу керемет" долбоорунун алкагында 2-класска адабий окуу сабагынан башталгыч класстын мугалими Жанузакова Гүлмира "Бала жана чымчык" деген темада ачык сабак өттү. Сабакта "Бекеттер" стратегиясы колдонулду.  Сабактын максаты: "Бала мене чымчык" чыгармасы жөнүндө маалымат алып, окуганыбызды түшүнүү боюнча айтып беребиз. Чыгарманын башкы образын, анын мүнөздөмөсүн, ойлорун жана аракеттерин , иштин мүнөзүн, чыгарманын башкы каармандары менен болгон мамилеси аркылуу баяндоого жана талдоого үйрөнөбүз. 

          • Талас облусу. 3-класс

          • "Окуу керемет" долбоорунун негизинде мекен таануу сабагынан  3-класска башталгыч класстын мугалими Жумалиева Бегайым Болотбековна "Талас облусу" деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты: Талас облусу жөнүндө маалымат алышып,чакан топтордо чыгармачылык менен тапшырмаларды аткарууга көнүгүшөт. Өз иштерин баалашат. 

          • "Укмуштуу ичик" 4-класс

          • "Окуу керемет" долбоорундагы көп денгээлдүү тапшырмалар стратегиясы боюнча адабий окуу сабагынан  "Укмуштуу ичик" темасында 26-ноябрь 2021-жылы башталгыч класстын мугалими  Көйкөлова Мира Садыровна .

            Сабактын максаты: Окуучуларга башкы каарманды сүрөттөө аркылуу аларга тапшырманын татаал деңгээлин тандоо укугун берүү, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн колдоно билүүгө үйрөтүү 

             

          • Адепсиздик - кылмыш, кылмыштын акыры - жаза.

          • 1-декабрь 2021-жылы "Адепсиздик -кылмыш, кылмыштын акыры - жаза" деген темада тегерек стол, семинар болуп өттү. Семинардын максаты: окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу. Семинардын катышуучулары: коомдук ишмер-Мамбетасан Ибраев, ИДН кызматкери - Ахматбекова Бегимай, ата-энелер, мугалимдер, 7-11-класстын окуучулары. 

      • Контакты

        • Муса Байдолотов атындагы орто мектеби, Ийри-Суу, Нарын
        • +996551299256
        • Нарын облусу, Нарын району
          Ийри-Суу айылы, Сейденаалы ата көчөсү № 42
          722909 Нарын
          Kyrgyzstan
      • Логин