Новости

          • Мектеп лигасы. Волейбол

          • 2022-жылдын 5-мартында "Мектеп лигасы"  программасынын негизинде өткөрүлгөн волейбол оюнунун өрөөндүк туру болуп, кыздар командасы райондук турга жолдомо алышты.  

          • "Акыл ордо"

          • Өзүн -өзү башкаруу уюмунун билим берүү министрлиги Келдибек кызы Мырзагул жана анын командасы   уюштурган "акыл ордо" конкурсу 8-10-класстар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында 9-класстын окуучулары  Дүйшөнбеков Баатырбек, Чакиев Айдар, Шайымбетов Санжар  жеңишке жетишишти.

          • Конкурс "Окуу керемет"

          • "Окуу керемет" долбоорунун алкагында уюштурулган электрондук китептерди окушуп, "Сыйкырдуу күзгү" китебине  эки бөлүктүү күндөлүк  жазаган  4-класстын окуучусу Бейшебаева Бегимжан облустук турда 2-орунду камсыз кылып, 1500 сомдук сертификат жана китептерди белекке алды. 

          • ПОЛЛИАНА

          •  Элинор Портердин "Поллиана"  китебинин негизинде уюштурулган конкурс болуп өттү. Конкурсту Мамбетасан Ибраев агай өткөзүп, жеңүүчүлөргө белектерин берип, жалпы окуучулар менен "максат коюу, кесип тандоо" багытында пикир алышты.

          • Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу

          • Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында 1-класстын жана 5-класстын ата-энелерине  Сыртбай кызы Айнек жана Таалайбек кызы Керемет сабак өтүшүп, тапшырмаларды топтордо иштетип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

          • Кан басымы

          • 8-а класска биология сабагынан "Кан басымы" деген темада Мукамбеткадырова Гүлназ Сүйүндүковна ачык сабак өттү

          • ОКУУ КЕРЕМЕТ долбоору

          • 18-февраль 2022-жылы башталыч класстын мугалимдери "Окуу керемет" долбоорунун негизинде математика сабагынан ачык сабактарды өтүштү. Сабакка долбоордун куратору Асанкулова Мазира Көчөровна келип катышып, методикалык жардам берип кетти

          • Англис тили жумалыгы. 2022-жыл

          •            Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы   14-21 -февраль аралыгында өттү. Бул жумада 6-класстан жогорку окуучулар англис тилине байланыштуу стен газеталардын конкурсуна катышышып,  1-орунду               9-класстын окуучулары, 2-орун 11-класстын окуучулары, 3-орун 8-б класстын окуучулары камсыз кылды. Мындан сырткары  Англиянын символдору болгон белгилүү жерлеринин макеттери жазалып, көргөзмө уюштурулду. 6-класстан                    11-класска чейинки класстардын ар биринен  үчтөн окуучу тегерек столго катышып, анда кызыктуу оюндар ойнотулду. Маалыматты жаңсоо аркылуу түшундүрүүчү оюндар, суроо-жооп, сүрөттөрдү көрбөстөн, окуучулардын айтуусу менен табуу оюндары ойнотулду.     “Ким миллионер болгусу келет?”  аттуу оюнду видео аркылуу көрүп, жалпы окуучулар табышты. 11-класстын окуучусу Бейшеналиева  Жанара  өзүнүн ийгиликтери жөнүндө презентация жазады.  Жанара райондук олимпиадада    4-орунду камсыз кылган.

          • КИМ БИЛЕТ?

          • 21-февраль 2022-жылы 8-б класстардын окуучулары "21-февраль ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ" карата "Ким билет?" таймашын өткөзүштү. Таймашка 7-10-класстын  бир гана эркек балдары катышышты. Таймашта аралаш суроолор, жообу чын же жалган болгон суроолор,  көрүү жана угуу эс тутумун текшерүүчү аудио жана сүрөт тапшырмалары, көркөм окуу, англисче, орусча  сөздөрдөн сүйлөм куроо жана которуу  тапшырмалары берилди. Жыйынтыгында 7-класстын окуучулары Кудайбергенов Ынтымак, Исакбеков Алинур, Жумадилов Азамат жеңишке жетип, белектерге ээ болушту. 

          • Адам чылымды түгөтө албайт, чылым адамды түгөтөт.

          • 2022-жылдын 10-февралында 9-класска Исаева Самара "Адам чылымды түгөтө албайт, чылым адамды түгөтөт" деген темада ачык тарбиялык сабак өттү. Ар бир окуучу тема боюнча өз оюн билдирип, текст менен иштешип, сабакка активдүү катышышты.  

          • КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ

          • 22-ЯНВАРЬ 2022-жылы Нарын шаарында ачылган, коомдук ишкер Мамбетасан Ибраев агай жетектеген КАЛЕМ ЛИДЕРДЕР АКАДЕМИЯСЫНА 8-9-11-класстын окуучулары экскурсияга барышты. Окуучулар агай менен жолугушуп, академия менен таанышып, китеп окушуп, волейбол ойношуп, жаңы тартылган  "Жаңы күч"  аттуу кинону көрүштү. 

          • Мен билем, мен ойлойм, мен каалайм...

          • Диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында, дин тууралуу жалпы маалымат берүү үчүн "Мен билем, мен ойлойм, мен каалайм..."  деген темада 4-класстын окуучулары жана ата-энелерине мугалим Көйкөлова Мира Садыровна  тарбиялык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө ата-эне тема боюнча балдарына маалымат берип, суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында мугалим тема боюнча жыйынтыкты чыгарып, балага туура жол көрсөтүү ата-эне, чоңдордун милдети экендигин белгиледи.