2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫНДА 9 МАЙ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА М. БАЙДӨЛӨТОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ПАРАДДЫ
Новости
9-май ЖЕҢИШ КҮНҮ
- 9
Жалбырактан жасалгалар
2021-2022-окуу жылы.
11
5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү
- 5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы "5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыяланган". Окуучуларды имараттан эвакуациялоо боюнча машыгуу иштери.
Мугалимдер күнүнө карата өрөөндүк спартакиада
2021-2022-окуу жылы 25-сентябрь
2Мугалимдер арасында дене тарбия жана спорттун массалуулугун өркүндөтүү, мугалимдердин арасында байланышты чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында, өрөөндүк мугалимдер арасында спорттун: волейбол,теннис, аркан тартыш, кол күрөш, тир атуу түрлөрү боюнча спартакиада өлүп өттү.
“1-октябрь ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮ”
27-сентябрдан 1-октябрь аралыгында “1-октябрь карылар күнүнө” класс жетекчилер тарабынан тарбиялык сабактар өтүлдү. 1- класстын мугалими Сыртбай кызы Айнек “Чоң атам, чоң апам бар- төрүбүздүн көркү бар” , 2-класстын мугалими Жанузакова Гүлмира “Карысы бардын ырысы бар” деген темада тарбиялык сабактарды өтүшсө, 7-класстын мугалими Ишеналиева Асель “Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт” деген темада классындагы окуучулардын чоң ата, чоң апаларын, мугалимдерди куттуктоо максатында концерт коюшту. Мындан сырткары 10-класстын окуучулары мугалими Мукамбеткадырова Гүлназ менен бирдикте “Карылардан кабар ал” деген темада айылдагы эң сакалдуу төрт кары адамдардын ден соолуктарын сурап, майрамдык маанай тартуулап, жалпы суммасы 1500 сомдун белектерин беришти. 11-класстын окуучулары жана мугалими Абдраева Н. карылардын басып өткөн жолун билип, акыл – насаатын угуп, тыгыз байланышта болуу максатында жалпы айылдагы жашы 70 тен өткөн чоң ата, чоң апалар менен баарлашып, белектерин беришип, сүрөткө түшүп, уруусу боюнча сакалдуу ата , апалардан интервью алышып, видео жазашты.
“23-СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗ ТИЛИ КҮНҮ”
“23-сентябрь кыргыз тили күнүнө” карата лозунгдар, стенддер илинди. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Исаева Алеся Бордубековна, Мукамбеткадырова Жаңыл Сүйүндүковна, Шаршембиев Улан Маатказиевич тилибизди коргоп, өнүктүрүү максатында окуучуларга линейкада маалыматтарды берүү менен окуучулар тил жөнүндө ырлдарды көркөм айтып, тилибизди даңазалашты. Мындан тышкары “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада эссе конкурсуна он окуучу катышып анын ичинен 8-б класстын окуучусу Таалайбек кызы Адинай 2 –орун, 10-класстын окуучусу Кылычбекова Айдана 1-орунга ээ болушту. Андан сырткары 20-24- сентябрь аралыгында класс жетекчилер: 3-4-класстарга “Эне тилим – эне сүтүм” деген темада Көйкөлова М., Жумалиева Б. , “Кыргыз тили Ата журттун кареги” деген темада 6-класска Жолдошова С., “Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгуң!” 8-а класска Исаева С. дебат сабак, “Кыргыз тилим - көөнөрбөс , өчпөс дилим.” 8-б класска Шаршеева А., 9-класска Жакшылыкова Ж. “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” деген темада тарбиялык сабактарды өтүштү.