Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Майрамбек уулу Мирландын өз калеминен жаралган ырларынан "Кыялдарым" аттуу китеби жарык көрдү. Жетектеген мугалими кыргыз тили жана адабияты мугалими Мукамбеткадырова Жаңыл. Окуучубуздун калеми курчуп, ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектешпиз.
Новости
Кыялдарым
Мугалимдердин эмгектери
- 16
Жаңы жылдык сандыкча
- 18
Зордук - зомбулуксуз жашоо
"Зордук - зомбулук мезгил көйгөйү" темасында 9-10-11-класстын окуучуларына тегерек стол болуп өттү
1
АЙТМАТОВ ААЛАМЫ
Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан каармандардын образдары чагылдырылган "Айтматов ааламы" аталышындагы көргөзмөгө уюштурулду. Эмгектер 5-11-класстын окуучуларына таандык
40
Кыргыз элинин улуттук тили - улуттук маданиятынын очогу
23-сентябрь Кыргыз тилинин майрамы.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди.
15
Жашылдандыруу
22-апрель 2022-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде "Жашылдандыруу" иштери жүргүзүлдү.
17
Билим жана китеп
Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде "23- апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө" карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулган конкурска 5-10-класстар катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 6-класстын, 2-орунду 5-класстын, 3-орунду 8-б класстын окуучулары тарабынан тартылган тасмалар ээлешти.
23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
21-апрелде "23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө" карата мектеп китепканачысы Күчүкова Гулзада 8-9-класстар арасында КВН таймашын өткөздү. Мындан сырткары башталгыч класстардын "Окуу керемет" долбоорунун алкагында "Биз жасаган китеп" аттуу көргөзмө уюштурулду.
43
Зордук - зомбулуксуз жашоо - бактылуу муун.
"Зордук - зомбулуксуз жашоо - бактылуу муун" деген темада 2022-жыл 11-апрелде жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы суицид, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту, эрте никеге турууну, рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун катышуучулары: мектеп жамааты, ата - энелер, окуучулар, Нарын районунун акиминин орун басары - Орозказиева А. Ж., Нарын районунун прокурору - Эрмеков Д. Э., Нарын райондук ИИБнин башчысынын орун басары - Ашырбаев Т. А., Нарын районунун имимхатиби - Орозалиев К. А., Нарын райондор аралык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары - Абылова Г. С., Нарын районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы - Мамбетисаев А., Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти - Абыкеева Р. А. катышышты.
15
Айлана - тегеректи тазалоо иштери
2022-жылдын 9-апрель күнү мекептин айлана-тегерегин тазалоо иштери жүргүзүлдү.
11
7-апрель "ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 12 ЖЫЛ"
7-апрель "Элдик революциянын 12 жылдыгына" карата эскерүү линейкасы өткөрүлдү. Линейкада тарых мугалими Алышбаев Абдыкадыр революциянын тарыхы тууралуу маалымат берип, Ийри-Суу айылынан революцияга катышкан Муканбеталиев Канат тууралуу маалымат берилип, эскерилди. Элинин бейпил жашоосу үчүн жанын берген эр-азаматтар унутулбайт!!!
1
Кылмыштуулуктун алдын алуу
Жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы суицид, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, рэкетчилик фактыларын алдын алуу максатында Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин мугалимдери Абдраева Н., Исаева С. жана 9-класстын окуучулары Султанкул уулу Белек, Чакиев Айдар, Чыныбек уулу Жеңиш тарабынан тартылды.
Мектеп лигасы. Волейбол
2022-жылдын 5-мартында "Мектеп лигасы" программасынын негизинде өткөрүлгөн волейбол оюнунун өрөөндүк туру болуп, кыздар командасы райондук турга жолдомо алышты.
"Акыл ордо"
Өзүн -өзү башкаруу уюмунун билим берүү министрлиги Келдибек кызы Мырзагул жана анын командасы уюштурган "акыл ордо" конкурсу 8-10-класстар арасында өткөрүлүп, жыйынтыгында 9-класстын окуучулары Дүйшөнбеков Баатырбек, Чакиев Айдар, Шайымбетов Санжар жеңишке жетишишти.
6
Конкурс "Окуу керемет"
"Окуу керемет" долбоорунун алкагында уюштурулган электрондук китептерди окушуп, "Сыйкырдуу күзгү" китебине эки бөлүктүү күндөлүк жазаган 4-класстын окуучусу Бейшебаева Бегимжан облустук турда 2-орунду камсыз кылып, 1500 сомдук сертификат жана китептерди белекке алды.
ПОЛЛИАНА
Элинор Портердин "Поллиана" китебинин негизинде уюштурулган конкурс болуп өттү. Конкурсту Мамбетасан Ибраев агай өткөзүп, жеңүүчүлөргө белектерин берип, жалпы окуучулар менен "максат коюу, кесип тандоо" багытында пикир алышты.
5
Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу
Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында 1-класстын жана 5-класстын ата-энелерине Сыртбай кызы Айнек жана Таалайбек кызы Керемет сабак өтүшүп, тапшырмаларды топтордо иштетип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
6
23-февраль "АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ"
Мектептин 6-11-класстардын ичинен түзүлгөн кыздар тобу агайларын жана ага-инилерине майрамдык маанай тартуулашты.
13
Кан басымы
8-а класска биология сабагынан "Кан басымы" деген темада Мукамбеткадырова Гүлназ Сүйүндүковна ачык сабак өттү
6