Новости

          • ОКУУ КЕРЕМЕТ долбоору

          • 18-февраль 2022-жылы башталыч класстын мугалимдери "Окуу керемет" долбоорунун негизинде математика сабагынан ачык сабактарды өтүштү. Сабакка долбоордун куратору Асанкулова Мазира Көчөровна келип катышып, методикалык жардам берип кетти

          • Англис тили жумалыгы. 2022-жыл

          •            Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде англис тили жумалыгы   14-21 -февраль аралыгында өттү. Бул жумада 6-класстан жогорку окуучулар англис тилине байланыштуу стен газеталардын конкурсуна катышышып,  1-орунду               9-класстын окуучулары, 2-орун 11-класстын окуучулары, 3-орун 8-б класстын окуучулары камсыз кылды. Мындан сырткары  Англиянын символдору болгон белгилүү жерлеринин макеттери жазалып, көргөзмө уюштурулду. 6-класстан                    11-класска чейинки класстардын ар биринен  үчтөн окуучу тегерек столго катышып, анда кызыктуу оюндар ойнотулду. Маалыматты жаңсоо аркылуу түшундүрүүчү оюндар, суроо-жооп, сүрөттөрдү көрбөстөн, окуучулардын айтуусу менен табуу оюндары ойнотулду.     “Ким миллионер болгусу келет?”  аттуу оюнду видео аркылуу көрүп, жалпы окуучулар табышты. 11-класстын окуучусу Бейшеналиева  Жанара  өзүнүн ийгиликтери жөнүндө презентация жазады.  Жанара райондук олимпиадада    4-орунду камсыз кылган.

          • КИМ БИЛЕТ?

          • 21-февраль 2022-жылы 8-б класстардын окуучулары "21-февраль ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ" карата "Ким билет?" таймашын өткөзүштү. Таймашка 7-10-класстын  бир гана эркек балдары катышышты. Таймашта аралаш суроолор, жообу чын же жалган болгон суроолор,  көрүү жана угуу эс тутумун текшерүүчү аудио жана сүрөт тапшырмалары, көркөм окуу, англисче, орусча  сөздөрдөн сүйлөм куроо жана которуу  тапшырмалары берилди. Жыйынтыгында 7-класстын окуучулары Кудайбергенов Ынтымак, Исакбеков Алинур, Жумадилов Азамат жеңишке жетип, белектерге ээ болушту. 

          • Адам чылымды түгөтө албайт, чылым адамды түгөтөт.

          • 2022-жылдын 10-февралында 9-класска Исаева Самара "Адам чылымды түгөтө албайт, чылым адамды түгөтөт" деген темада ачык тарбиялык сабак өттү. Ар бир окуучу тема боюнча өз оюн билдирип, текст менен иштешип, сабакка активдүү катышышты.  

          • КАЛЕМ ЛИДЕРЛЕР АКАДЕМИЯСЫ

          • 22-ЯНВАРЬ 2022-жылы Нарын шаарында ачылган, коомдук ишкер Мамбетасан Ибраев агай жетектеген КАЛЕМ ЛИДЕРДЕР АКАДЕМИЯСЫНА 8-9-11-класстын окуучулары экскурсияга барышты. Окуучулар агай менен жолугушуп, академия менен таанышып, китеп окушуп, волейбол ойношуп, жаңы тартылган  "Жаңы күч"  аттуу кинону көрүштү. 

          • Мен билем, мен ойлойм, мен каалайм...

          • Диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында, дин тууралуу жалпы маалымат берүү үчүн "Мен билем, мен ойлойм, мен каалайм..."  деген темада 4-класстын окуучулары жана ата-энелерине мугалим Көйкөлова Мира Садыровна  тарбиялык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө ата-эне тема боюнча балдарына маалымат берип, суроолоруна жооп беришти. Жыйынтыгында мугалим тема боюнча жыйынтыкты чыгарып, балага туура жол көрсөтүү ата-эне, чоңдордун милдети экендигин белгиледи.

          • Менин үй-бүлөм бул - ....

          • 22-октябрь 2021-жылы "үй - бүлөлүк өз ара мамилени бекемдөө, балдарга болгон сүйүүбуздү билдирүү, үй-бүлөлүк  зордук -зомбулукту, кылмыштуулукту, суицидди болтурбоо,  алдын алуу максатында"  4-класстын мугалими Көйкөлова Мира Садыровна ата-энелерге "Менин үй-бүлөм бул - ..." деген темада тарбиялык маанидеги сабак өттү. 

          • Эсенгул Ибраев атындагы Нарын райондук борборлоштурулган китепканада

          • 21-апрель 2021-жылы тубаса талант, сүрөткер акын Турат Кожомбердиевдин 80 жылдыгына карата 6-класстын окуучулары  өз таланттарын тартуулап келишти. Аткаруу чеберчилиги, активдүүлүгүнө жараша айрым окуучулар китепкананын грамотасы менен сыйланышты.  Класстын жетекчиси - Ишеналиева Асель.

          • "Ата - эне мээрими жана ашкере эркелик" 1-класс

          • "Окуу керемет" долбоорунун негизинде "Бекеттер" стратегиясын кодонуу менен 1-класстын мугалими Сыртбай кызы Айнек "Ата - не мээрими жана ашкере эркелик" деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты: өз оюн эркин , кенен айтууга көнүгүшөт. 

          • Бала менен чымчык.

          • "Окуу керемет" долбоорунун алкагында 2-класска адабий окуу сабагынан башталгыч класстын мугалими Жанузакова Гүлмира "Бала жана чымчык" деген темада ачык сабак өттү. Сабакта "Бекеттер" стратегиясы колдонулду.  Сабактын максаты: "Бала мене чымчык" чыгармасы жөнүндө маалымат алып, окуганыбызды түшүнүү боюнча айтып беребиз. Чыгарманын башкы образын, анын мүнөздөмөсүн, ойлорун жана аракеттерин , иштин мүнөзүн, чыгарманын башкы каармандары менен болгон мамилеси аркылуу баяндоого жана талдоого үйрөнөбүз. 

          • Талас облусу. 3-класс

          • "Окуу керемет" долбоорунун негизинде мекен таануу сабагынан  3-класска башталгыч класстын мугалими Жумалиева Бегайым Болотбековна "Талас облусу" деген темада ачык сабак өттү. Сабактын максаты: Талас облусу жөнүндө маалымат алышып,чакан топтордо чыгармачылык менен тапшырмаларды аткарууга көнүгүшөт. Өз иштерин баалашат. 

          • "Укмуштуу ичик" 4-класс

          • "Окуу керемет" долбоорундагы көп денгээлдүү тапшырмалар стратегиясы боюнча адабий окуу сабагынан  "Укмуштуу ичик" темасында 26-ноябрь 2021-жылы башталгыч класстын мугалими  Көйкөлова Мира Садыровна .

            Сабактын максаты: Окуучуларга башкы каарманды сүрөттөө аркылуу аларга тапшырманын татаал деңгээлин тандоо укугун берүү, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн колдоно билүүгө үйрөтүү 

             

          • Адепсиздик - кылмыш, кылмыштын акыры - жаза.

          • 1-декабрь 2021-жылы "Адепсиздик -кылмыш, кылмыштын акыры - жаза" деген темада тегерек стол, семинар болуп өттү. Семинардын максаты: окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу. Семинардын катышуучулары: коомдук ишмер-Мамбетасан Ибраев, ИДН кызматкери - Ахматбекова Бегимай, ата-энелер, мугалимдер, 7-11-класстын окуучулары. 

          • Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу

          • Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында,   алкоголь, тамеки, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк тууралуу  окуучуларга маалыматтар берилип, алган түшунүктөрүн жайылтуу, үй-бүлөгө жеткизүү максатында тарбиялык сабактар өтүлүүдө.

          • КҮЗ МАЙРАМЫ

          • 2021-2022-окуу жылында 29-октябрда 1-4-класстар арасында "Күз майрамы" өткөрүлдү. Бул иш чарада тамак аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, ярмарка өткөзүлдү. Майрамдык маанай тартуулап: ыр, бийлер, көркөм окуу, жомоктор коюлду. КҮЗ темасын чагылдырган  мода, тамак-аш конкурсу болуп, катышкандар мектеп грамотасы менен сыйланышты. 

          • "1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү"

          • 2021-2022-окуу жылы "1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө" бир айлык жарыяланып, бурчтар уюштурулуп, стенддер конкурсу уюштурулуп, ФАП, бала бакча, маданият кызматкерлери менен бирдикте мугалимдер, окуучулар болуп жүрүшкө чыгышты.  

          • 9-май ЖЕҢИШ КҮНҮ

          • 2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫНДА 9 МАЙ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА М. БАЙДӨЛӨТОВ АТЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН  ПАРАДДЫ