2021-2022-окуу жылы.
Новости
Жалбырактан жасалгалар
- 11
5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү
- 5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы "5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыяланган". Окуучуларды имараттан эвакуациялоо боюнча машыгуу иштери.
Мугалимдер күнүнө карата өрөөндүк спартакиада
2021-2022-окуу жылы 25-сентябрь
2Мугалимдер арасында дене тарбия жана спорттун массалуулугун өркүндөтүү, мугалимдердин арасында байланышты чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында, өрөөндүк мугалимдер арасында спорттун: волейбол,теннис, аркан тартыш, кол күрөш, тир атуу түрлөрү боюнча спартакиада өлүп өттү.
“1-октябрь ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮ”
27-сентябрдан 1-октябрь аралыгында “1-октябрь карылар күнүнө” класс жетекчилер тарабынан тарбиялык сабактар өтүлдү. 1- класстын мугалими Сыртбай кызы Айнек “Чоң атам, чоң апам бар- төрүбүздүн көркү бар” , 2-класстын мугалими Жанузакова Гүлмира “Карысы бардын ырысы бар” деген темада тарбиялык сабактарды өтүшсө, 7-класстын мугалими Ишеналиева Асель “Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт” деген темада классындагы окуучулардын чоң ата, чоң апаларын, мугалимдерди куттуктоо максатында концерт коюшту. Мындан сырткары 10-класстын окуучулары мугалими Мукамбеткадырова Гүлназ менен бирдикте “Карылардан кабар ал” деген темада айылдагы эң сакалдуу төрт кары адамдардын ден соолуктарын сурап, майрамдык маанай тартуулап, жалпы суммасы 1500 сомдун белектерин беришти. 11-класстын окуучулары жана мугалими Абдраева Н. карылардын басып өткөн жолун билип, акыл – насаатын угуп, тыгыз байланышта болуу максатында жалпы айылдагы жашы 70 тен өткөн чоң ата, чоң апалар менен баарлашып, белектерин беришип, сүрөткө түшүп, уруусу боюнча сакалдуу ата , апалардан интервью алышып, видео жазашты.
“23-СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗ ТИЛИ КҮНҮ”
“23-сентябрь кыргыз тили күнүнө” карата лозунгдар, стенддер илинди. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Исаева Алеся Бордубековна, Мукамбеткадырова Жаңыл Сүйүндүковна, Шаршембиев Улан Маатказиевич тилибизди коргоп, өнүктүрүү максатында окуучуларга линейкада маалыматтарды берүү менен окуучулар тил жөнүндө ырлдарды көркөм айтып, тилибизди даңазалашты. Мындан тышкары “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада эссе конкурсуна он окуучу катышып анын ичинен 8-б класстын окуучусу Таалайбек кызы Адинай 2 –орун, 10-класстын окуучусу Кылычбекова Айдана 1-орунга ээ болушту. Андан сырткары 20-24- сентябрь аралыгында класс жетекчилер: 3-4-класстарга “Эне тилим – эне сүтүм” деген темада Көйкөлова М., Жумалиева Б. , “Кыргыз тили Ата журттун кареги” деген темада 6-класска Жолдошова С., “Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгуң!” 8-а класска Исаева С. дебат сабак, “Кыргыз тилим - көөнөрбөс , өчпөс дилим.” 8-б класска Шаршеева А., 9-класска Жакшылыкова Ж. “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” деген темада тарбиялык сабактарды өтүштү.
23-апрель "Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү"
23-апрель "Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө" карата Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде 1-4-класстардын окуучулары жазап келген китепчелердин көргөзмөсү болуп өттү. класс боюнча жыйынтыгы чыгарылып 1-орунга 2-класс, 2-орунга 4-класс, 3-орунга 3-класстар орунга ээ болду. мындан сырткары "Эң жакшы" жазап келген окуучулардын иштери бааланып, белектер берилди. 5-11-класстар китеп тууралуу стенддерди чыгарышып, 5-класстын окуучулары менен китепканачы, класс жетекчиси менен бирдикте уюштурган тарбиялык сабак башталгыч класстын окуучуларына тартууланды.
12
Тазалык иштери
2020-2021-окуу жылында 9-апрель күнү мектептин айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоого 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар тартылды. "Эң жакшы" иштеген класс 6-класс деп табылды.
Башталгыч класстын окуучуларына берилүүчү ысык тамак
Кыргыз Республикасынын мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу максатында БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасынын жардамында 2014-жылдан бери 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берилип баштады. Ата - энелер тарабынан айына 100 сомдон кошумча акча каражаты чогултулуп, кошумча тамак берилет.
11
Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат.
- 4
23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата мектептин өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөсү Тилекматова Перизаттын уюштуруусунда 5-6-7-8-класстардын окуучуларынын катышуусунда конкурс болуп өттү. 4 топко болунуп Нөшөр, Жамгыр, Чагылган, Шүүдүрүм деген топтор жарышып, жыйынтыгында Жамгыр тобунун кыздар командасы жеңишке жетишти. "Биз эмнеге муктажбыз?", "Эмне үчүн китеп окуш керек?" китептеринин негизинде суроолор түзүлгөн.
Коомчулуктун бала тарбиялоодогу орду
2019-2020-окуу жылында мугалимдер арасында "Коомчулуктун бала тарбиялоодогу орду" деген темада райондук дегээлде конкурс уюштурулуп, Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинен кыргыз тили жана адабияты мугалими Шаршембиев У. катышып, жыйынтыгында 2-орунга ээ болду.
Окуучуларга семинар - тренинг
25-26-февраль 2021-жылы Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстын окуучуларына "Келечек жаштардын колунда" деген темада семинар - тренинг болду. Семинар -тренинг проекттин негизинде жүргүзүлүп, Чолпон ата шаарындагы SOS Детский деревня, Бишкек шаарындагы "Молодежный Дом"
Окуучуларга кесип тандоо багытында маалыматтар берилип, ЖТР ге даярдануу жөнүндө да камтылды.
Б. Жакиев "Атанын тагдыры" драмасы
М. Байдөлөтов атындагы орто мектебинде 7-класстардын окуучуларынын аткаруусунда коюлду. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Исаева Алеся
Оңолкандык ролунда - Дүйшөнова А.
Оңолкандын уулу - Алтынбек уулу М.
Келини - Уланбекова Р.
Келиндин уулу- Таалайбек кызы А.
Келиндин кайнатасы - Токтосунов К.
Турдакун Усубалиевге 100 жыл.
2019-жыл 28-октябрь
5Мугалимдер жамааты Турдакун Усубалиевдин бала чагынан баштап ишмердүүлүгүнүн гулдөгөн мезгилине чейинки учурлардан чагылдырып, сахналаштырылган иш чара өтүлдү. Доклад окулуп, обондуу ырлар ырдалып, Турдакун Усубалиевдин убагында салынган имараттардын макеттери, буклеттер жасалды. Райондук билим берүү бөлүмүнөн Мамытова Элиза Шамырбаевна, Орозалиева Бурул келип катышышты.
Жаңы жылдык балаты - 2021
Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинде балатылар конкурсу 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар, класстар арасында болуп өттү. Конкурсту өзүн - өзү башкаруу уюму уюштуруп, белектерди айыл элинен демөөрчүлөрдү тартуу менен камсыз кылышты.
USAIDдин "ОКУУ КЕРЕМЕТ" долбоору
- 6
2021-жылдын 12-мартында башталгыч класстын мугалимдери USAIDдин "ОКУУ КЕРЕМЕТ" долбоорунун негизинде ачык сабактарды өтүштү.
Онлайн "Акыркы коңгуроо"
2019-2020-окуу жылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо.
Акыркы коңгуроо-2020. Нарын району. Муса Байдөлөтов атындагы орто мектеби. 30-май
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнү
Эсте каларлык 2019-2020-окуу жылы
Турдакун Усубалиев Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата өрөөндүк спортакиада
- 2
Кышкы чана оюну
- 3
Дене тарбия мугалими Жыргалбаев Төрөгелди Эшимбекович